# Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № VI «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № VI «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: VI
- Дата принятия: 22.11.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.11.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031612>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44640/edition/37422/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.11.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы № VI «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (ред. от 22.11.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031612

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы

2022-жылдын 22-ноябрындагы № VI

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы күн тартибиндеги Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү»2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде Папан айыл өкмөтүнүн аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ХIII бөлүмү камтыган жергиликтүү салыктар (турак жай имараттары жана жайлар,турак жай эмес имараттар;курулмалар жана жайлар;айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору;айыл чарба жерлери;транспорт каражаттары анын ичинде аба суу кемелер),Папан айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.Ош шаары менен чектеш болуп,бизнес чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттар менен ишкердик жүргүзгөндүктөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсүндөгү Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Буура3 айылы тарабындагы турак жай эмес имараттар,курулмалар жана жайлар үчүн,ошондой эле айыл чарба багытындагы эмес жерлерге,салыкты эсептөөдө зоналдык жана нарктык коэффициенти (К3)-1,4 өлчөмүндө бекитилсин.

2. Папан айыл өкмөтүнүн калган калктуу конуштарына “Мүлк салыгы”камтыган жергиликтүү салыктарды эсептөөдө зоналдык жана нарктык коэффициенти (К3)1,2 өлчөмүндө бекилилсин.

3. Папан айыл өкмөтүнө караштуу көмүр кендери жана кичи ГЭСтер иштетип жаткан жерлерине салыктарды эсептөө зоналдык жана нарктык коэффициенти (К3)1,2 өлчөмүндө бекитилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана жер комиссиясына жүктөлсүн.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев
