# Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № V "Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № V "Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: V
- Дата принятия: 24.10.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.10.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031598>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44627/edition/37409/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.10.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Папан айылдык кеңешинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № V "Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.10.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031598

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

2022-жылдын 24-октябрындагы № V

Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мыйзамсыз курулуштар менен бирдикте ээлеп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө Папан айылдык кеңеши айыл өкмөттүн №02-16/613 катын карап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291, 2022-жылдын 14-июнундагы № 318-токтомдорунун жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосуна ылайык токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүндөгү эски 1960-1970-жылдардагы мыйзамсыз жер ээлеп, үй салып алган жарандарга 0,25 га жер аянты.

2. 1970-1980-жылдардагы мыйзамсыз жер ээлеп үй салып алган жарандарга 0,15га жер аянты.

1980-жылдан кийин мыйзамсыз жер ээлеп ,үй салып алган жарандарга 0,8га жер аянты айыл өкмөт тарабынан мыйзамдаштырылып берилсин. Папан айыл өкмөтүндөгү 0,25гадан ашыкча жери, 0,15гадан ашыкча жери, 0,8га ашыкча жери бар жарандардын айыл өкмөткө арыз жазып, жерге кезеке турган балдарына тартылып берилсин.

3. Бул токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев
