Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара Дарыя айылдык кеңешинин «Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кара Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 8-февралындагы № 1
«Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2024-2025-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүсү эске алынып, 2023-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 17598,7 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 4700,0 миң сомго, теңдөө гранты 6082,0 миң сомго, жалпы 28380,7 миң сомго №1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 28380,7 миң сомго № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2024-жылга 18025,7 миң сомго, 2025-жылга 18035,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-тиркемесине ылайык 2023-жылга 6082 миң сомго, 2024-жылга 6082,0 миң сомго теңдөө грантынын божомолу бекитилсин. 2023-жылга Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө жеткирилген 6082,0 миң сом теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө) каржылоого № 4-тиркемеге ылайык багытталсын.
4. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016-жылдагы № 701 токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон акча каражаты бекитилсин. Чангыр-Таш айылындагы “Ак-Тилек”, “Көпөлөк”, “Үмүт”, “Мамалак”, “Айзирек-1”, “Айданек-1” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 4700,0 миң сомго бекитилсин жана чогулган каражатты бюджетке толугу менен төлөп иштетүү жагы балдар акчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% тийиштүү бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин. Чыгымдары 5-тиркекмеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин жана ата-энелердин протоколдук чогулушунун негизинде ар бир балага 1000 сомдон төлөм акысы жогорулатылсын. Ошондой эле киреше-чыгашаларын үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгына өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64-токтомунун негизинде Кара-Дарыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 штат бирдиги кармалсын, жана 487,8 миң сом эмгек акы фонду менен № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 385,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
7. Ак-Мечит-Уч айылы админстративтик борбордон алыс жайгашкандыктан айыл тургундардын кайрылуусунун негизинде бир айыл башчы 1 штаттык бирдиги кармалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403-токтомунун негизинде Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 26 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 “ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгынын негизинде 10203,4 миң сом эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүлөр менен № 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 4 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.04.2021-ж №135-токтомунун негизинде № 8-тиркемеге ылайык 1139,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу акча каражатынын 517,7 миң сому жайыт ижарасына, № 9-тиркемеге ылайык төлөнсүн жана жайыт комитетине 345,1 миң сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
12. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-декабрындагы №240 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин. №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2111, 2121, 2214, 2215, 2221, 2222, 3111, 3113 беренелерине жалпысы 3000,3 миң сом өлчөмүндө №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2214, 2215, 2222, 2223, 3111 беренелерине жалпысы 4150,0 миң сом (Анын ичинен бала бакчалардын чыгымына 2570 мин сом ) өлчөмүндө №12, 12/1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 2211, 2212, 2215, 2222, 2221, 3112 беренелерине жалпысы 3384,7 миң сом өлчөмүндө № 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн чыгымдары 760,0 миң сом өлчөмүндө №14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2215 беренесине жалпысы 210 миң сом өлчөмүндө №15-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Мектептерди жана балдар бакчаларын 2023-2024-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 800,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү №17-тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу аренда бухгалтерге, ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
20. 2023- жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015–жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевка жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Жоробаевга жүктөлсүн.
22. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:
У. Абдыгапаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 28 марта 2022 года УП № 95 "О совершенствовании условий оплаты труда работников бюджетной сферы Кыргызской Республики"Указ · 28.03.2022 · № 95
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу