# Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\6 "Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\6 "Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29-8\\6
- Дата принятия: 19.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031415>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44493/edition/37224/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\6 "Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому (ред. от 19.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031415

---

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакырылыштын 8-кезексиз сессиясы

2025-жыл 19-март № 29-8\\6

Таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө Салык, салык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75, 76-беренесинин 2- жана 3- бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Пахта айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин

2. Жеке жана юридикалык жактар- ишкердик иши үчүн төмөндөгүдөй бекитилсин:

3. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.

4. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.

5. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Абдыкеримовго жүктөлсүн.

Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы

Бердигулов А.М
