# Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\3 "Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\3 "Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29-8\\3
- Дата принятия: 19.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031410>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44490/edition/37217/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8\\3 "Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө" токтому (ред. от 19.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031410

---

ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакырылыштын 8-кезексиз сессиясы

2025-жыл 19-март № 29-8\\3

Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 Мыйзамынын 10-13-беренелерине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө 1-тиркеменин 1-пунктунун негизинде бекитилсин

2. 1-тиркеменин 2,3,4,5-пункттары боюнча айыл ичинде кызмат көрсөтүүлөр эл тарабынан бекер көрсөтүлөт .

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.К.Абдыкеримовго жүктөлсүн.

Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы

Бердигулов А.М

1-тиркеме Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8/3 токтому менен бекитилди

№

Иш-чаранын аталышы

Иш-чараны баяндоо

Болжолдуу наркы

1

Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;

Өлүм жөнүндөгү медициналык күбөлүк, справкалар ж.б. документтерди даярдоо

2000

2

Денени кепинге ороо (кийинүү);

Өлгөн адам үчүн кийим сатып алуу, денени көмүүгө даярдоо

\---

3

Сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;

Табытты даярдап жеткирүү жана берүү

\---

4

Каза болгон адамды көрүстөнгө(крематорийге) ташып баруу;

Денени көрүстөнгө же крематорийге алып баруу үчүн транспорт кызматы

\---

5

Сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү)

Мүрзөнү даярдоо, көмүү жана эстелик орнотуу кызматтары

\---
