Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин «Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө» токтому
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXIX чакырылыштын 8-кезексиз сессиясы
2025-жыл 19-март № 29-8\3
Маркумдуу узатуудагы тарифтер жөнүндө «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 Мыйзамынын 10-13-беренелерине ылайык, Жаңы-Пахта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө 1-тиркеменин 1-пунктунун негизинде бекитилсин
2. 1-тиркеменин 2,3,4,5-пункттары боюнча айыл ичинде кызмат көрсөтүүлөр эл тарабынан бекер көрсөтүлөт .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.К.Абдыкеримовго жүктөлсүн.
Жаңы-Пахта айылдык кеңешинин төрагасы
Бердигулов А.М
1-тиркеме Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-мартындагы № 29-8/3 токтому менен бекитилди
№
Иш-чаранын аталышы
Иш-чараны баяндоо
Болжолдуу наркы
1
Сөөктү жайга коюу үчүн керектүү документтерди тариздөө;
Өлүм жөнүндөгү медициналык күбөлүк, справкалар ж.б. документтерди даярдоо
2000
2
Денени кепинге ороо (кийинүү);
Өлгөн адам үчүн кийим сатып алуу, денени көмүүгө даярдоо
---
3
Сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон капкактуу табытты, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
Табытты даярдап жеткирүү жана берүү
---
4
Каза болгон адамды көрүстөнгө(крематорийге) ташып баруу;
Денени көрүстөнгө же крематорийге алып баруу үчүн транспорт кызматы
---
5
Сөөктү жайга коюу (көрдү казуу жана көмүү)
Мүрзөнү даярдоо, көмүү жана эстелик орнотуу кызматтары
---
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О погребении и похоронном деле»Закон · 22.02.2024 · № 53