Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-июлу № 65 Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүлүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамынын 5-Главасынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жыл үчүн бекитилген иш-планына ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-июлундагы корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2025-жылдын I жарым жылдыгында аткарган иштерине маалымат көңүлгө алынсын (№1 тиркемеге ылайык)
2.Баткен шаарынын аймагындагы бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк толугу менен 2025-жылдын 31-декабрына чейин муниципалдык менчиктин бирдиктүү реестирдик базасына киргизилип бүткөрүлсүн.
-Муницпалдык менчиктин бирдиктүү реестрдик базасына шаардын бардык мүлкү толук киргизилгендиги жөнүндө маалымат жыл жыйынтыгы менен Баткен шаардык Кеңешине берилсин
- Жыл сайын жыл жыйынтыгында жана 1-жарым жылдыкта муниципалдык мүлктү бирдиктүү муниципалдык ресстирге киргизүү жагы, Баткен шаарынын мэриясына туруктуу тапшырма катары берилип келгендиги эскертилсин
3.Ушул токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкрмасына жиберилсин
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага:
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын №________ токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу муниципалдык мекеме болуп 2004-жылдын 24-август түзүлгөн. Мекеме муниципалдык менчиктин сакталуусун, пайдаланылышын жана башкарынуу камсыз кылат. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде 37 штаттык бирдик бекитилген, ал эми бүгүнкү күндө Директор -1 Башкы адис-4 Жетектөөчү адис-12 Топ Моп-11 жалпы 28 жумушчу эмгектенип келүүдө. Баткен шаарынын муниципалдык менчик департаменти өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июлундагы №306 токтомунун “Асылдуулугу төмөн айыл-чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун, 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун ал эми шаардын ичиндеги муниципалдык жерлерди КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 типтүү жобонун негизинде иш алып барат.
Баткен шаарынын мэрияснын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансында турган муниципалдык мүлктөр боюнча:
- Имараттар 64 766 937 сом
- Курулмалар 159 596 336 сом
- Машина жана жабдуулар 7 982 394 сом
- Контордук жабдуулар 9 658 865 сом
- Эмерек жана буюмдар 3 144 956 сом
- Спортук комплекс 31 195 984 сом
Жалпы 276 345 472 сом
2023-жылы 7 624 500 сомго автогрейдер ААК Айыл Банк банкы аркылуу кредитке алынган. Бүгүнкү күндө 6 575 187 сом төлөндү. 2016-жылдын 16-декабрында КР ФМ жана Баткен шаарынын мэриясы менен түзүлгөн 19-05/69 сандуу келишимдин негизинде Баткен шаарынын таза суу линиясын реконструкиялоо максатында ЕБРР тарабынан 1,5 миллион ЕВРО кредит алынган. Бүгүнкү күндө келишимдеги график боюнча 93 430 692 сом акча каражаты которулуп берилди. Кредиттин төлөө мөөнөтү 2018-жылдан тартып 2030-жылдын 14-майына чейин жылына 120 000 евро курсу менен төлөнөт. Шаар аймагындагы ишкерлерге жер участокторун ажыратып берүүдө Чет-Булак аймагынан 2019-жылы атайын 172,9 га өнөр жай зонасы бөлүнүп берилген. Учурда өнөр жай аймагында мал союучу жай, тоок ферма, асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу цех, темир-бетон кичи цехи ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. “Ак-Сай Кенч” тоок фермасынын жетекчиси жеке ишкер Абдувалиев Адилет тарабынан 35 миң тоокко ылайыкташкан кошумча имарат курулуп, тооктун саны 71 миңге жеткен. Учурда фермада күнүнө 70 миң даана жумуртка алынууда.
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин айыл чарба жана шаар ичиндеги муниципалдык жерлерден ижара акыларды топтоодо аткарып жаткан иштери боюнча Баткен шаарынын жалпы пайдалануудагы жер аянты 15 848,9 га Анын ичинен Айдоо аянты-1459 га Көп жылдык бак- 468 га Жайыт -2353 га Башка жерлер - 231 га Калктуу коңуш – 629 га Запастагы жерлер- 10 768,9 га Ал эми кайра бөлүштүрүү жерлеринин жалпы аянты - 469,0 га түзөт. Анын ичинен сугат айдоо жер - 268,0 га ижара акысы - 871 476 сом көп жылдык бак - 124,0 га, ижара акысы- 683 524 сом кайрак жерлер - 77,0 га. ижара акысы- 0 Жалпы ижара төлөмдөрү боюнча Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жерлерди ижарага берүү боюнча бекитилген планы 1 555,0 миң сом , 6 ай арылыгында 685 миң сомго аткарылды. Айыл чарба жерлерин ижара төлөмдөрү келишимде көрсөтүлгөндөй август айынан баштап төлөй баштайт. Бирок ага карабастан ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча эскертүүлөр берилип, төлөтүү иштери жүргүзүлүп келет. Ижарага берилбей калган 54.0 га сугат айдоо жерлер боюнча алсак; Сугат айдоо багытындагы 54,0 га жер аянты көп жылдан бери суугат суунун жоктугунан ижарага берилбей келүүдө жана Аэропорттун коргоо зонасына кирип калгандыктан иштетүүгө уруксат бербей келет. 2024-жылы Баткен шаарынын аймагындагы Айыл чарба жерлерине инвентаризация жумуштары жүргүзүлүп жыйынтыгында 415,0 га жер аянты такталды. Анын ичинен 195,0 га аянты дыйкан чарбаларга берилген, калган 220,0 га жер аянты жайыт эсебиндеги жер болгондуктан, ошол багытта келишимдер түзүлүүдө. Кызыл-Жол кварталында- 83 жаран 114,0 га жер аянты Кызыл-Дөң кварталында – 13 жаран 26,0 га жер аянты Базар-Башы кварталында- 15 жаран 24,0 га жер аянты Булак-Башы кварталында- 41-жаран 56,0 га жер аянты Кызыл-Жол кварталынын Төрт-Гүл участкасынан 2020-жылы - 225.0 га жер аянты “Айыл чарба” категориясынын жайыт багытынан көп жылдык бак дарактар багытына которулган, ошондон улам 45-жаранга 122.0 га жер аянты бөлунуп берилген. Анын ичинен 89.0 га жер аянтына бак дарактар отургузулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарылууда. Төрт-Гүл суу сактагычынын Баткен-Раззаков авто жолунун түндүк-батыш тарбадындагы 45,1 га жер аянттарына аукционго жарыя берилген бирок, суу маселеси кыйын болгондуктан катышуучулар жок. 2025-жылга Күнгөй участкасынан 65,0 га жер аянты жана Бам участкасынан 250,0 га жер аянтын тамчылатып сугартуу ыкмасы менен көчөттөрдү отургузуу үчүн трансформация иш кагаздары даярдалууда. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти жайыт ресурстарын пайдалануу, башкаруу жана өнүктүрүү боюнча мал чарбасын колдоо менен бирге, жайыттарды узак мөөнөттүү жана туруктуу колдонуу максатын көздөйт. Баткен шаарынын аймагында 4324,0 га жер аянты бар анын ичинен жайыт жер аянтары: Дөгмөн-1500,0 га Кык -300,0 га Рават-Жакып-600,0 га Күнгөй-1500,0 га Кызыл-Жол (Дасталык)-424,0 га Жайыт пайдалануусу боюнча - 17 койчу менен келишимдер түзүлдү. Бул келишимдердин негизинде малдын түрлөрү боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, тургундарга түшүндүрүү иштери уюштурулуп, жайытты натыйжалуу пайдалануу, ашыкча жүктөлүүдөн сактоо жана жайытка чыккан малдардын санын туура пландоо боюнча маалыматтар берилди. Жайыттардын абалын текшерүү жана бөлүштүрүү иштери аткарылды, анын ичинде: Мал жайылуучу тилкелер аныкталып, туура жайгаштыруу жүргүзүлдү. Ошондой эле Кык жайлоосунун көгөйүү болгон жол маселесин чечүү үчүн, жолдорду кеңейтүү жана тегиздеп сүрдүрүү иштери аткарылды, башкача айтканда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү. Мал ичүүчү суу көгөйүн чечүү максатында суу кампасына чейин 800 метр аралыкка полиэтилен түтүкчөсү алынып берилди. Рават-Жакып жана Чорго жайлоосунда мал оорусу аныкталып тийиштүү мекемеге билдирүү жеткирилди, бул маселенин алдын алуу максатында ветеринардык аптекаларга дары-дармектер тууралуу сурамжылоо жүргүзүп, жетиштүү көлөмдө дары дармектер менен камсыз кылуу тапшырылды. Жайыт планы жана аткарылышы боюнча: Бекитилген жылдык план: 500 000 сом Аткарылганы: 300 000 сом(60%) Келишим түзүлгөн койчулар саны: 17 Малдын саны: Ийри мүйүздүү мал 522 баш Кой жана эчки: 2 790 баш
3. Түшкөн төлөмдөр:
Койчулардан түшкөн акча каражаттары: 122 000 сом Мал чарбасы менен байланышпаган максаттардан түшкөн каражаттар: 178 000 сомду түзөт. Шаар ичиндеги айыл чарба эмес муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча жылдык бекитилген планы 2 750,0 миң сом. Аткарылганы 2 300,0 миң сомду түзөт же болсо жылдык планга салыштырмалуу - 84% аткарылды. Ошондой эле 2024-жылдык 4 кварталынан 2025-жылга Баткен шаарынын аймагында жаңы ген план боюнча жолду кеңейтүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу ДМС менен түзүлгөн 32-жеке ишкер ижарачылардын 1 066 000 сомду түзгө келишим жокко чыгарылды. (Тиркеме тиркелет) Трансформация боюнча маалымат;
1) Баткен шаарынын МСО участкасынан 7,50га ГИК
2) Аэропорт участкасынан 4,36га ГИК
3) Булак-Башы аймагы 20,0га социалдык багыт (Очестное сооружение)
4) Чет-Булак аймагы 9,92га социалдык багыт 1000 орундуу стадион
5) Чет-Булак аймагы 8,10га социалдык багыт
6) Чет-Булак аймагы 5,10 га социалдык жана муниципалдык соода сатык
7) Чет-Булак аймагы 4,12га Муниципалдык соода сатык
8) Кызыл-Дөң аймагы 0,70га социалдык багыт спорт зал куруу үчүн
Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтарынын категориясын (трансформациялоо) которуу үчүн керектүү болгон юридикалык ишкагаздары (бүтүм жана корутундулар) даярдалып Баткен шаарынын мэриясына кат жүзүндө сунуш катары маалымат берилген.
Трансформациялоого даярдалып жаткан жерлер;
1) Кызыл-Жол аймагы 5,0га өнөр жай багыт
2) Кызыл-Жол 3,5га социалдык багыт (БАМ эски суу кампанын жайы)
Муниципалдык менчиктин карамагындагы 15 (он беш) жер аянтына мамлекеттик актылары даярдалып алынды. Ас-Сафа шаарчасындагы 6 (алты) муниципалдык квартирага тех паспорттору даярдалып алынды. Чет-Булак аймагындагы “Берешен кол” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган муниципалдык 4 (төрт) квартирага тех паспорттору даярдалып алынды. Кызматтык 7 (жети) турак үйдүн тех паспорттору даярдалып алынды. Баткен шаарынын көчөлөрүн кеңейтүү жана кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуш жана курулмаларды буздуруу иштери аткарылууда. Шаар ичиндеги жаңыдан курулуп жаткан тротуар, асфальт жолдор, түнкү жарыктандыруулар, социалдык, муниципалдык жана коомдук соода сатык ишмердүүлүк багыттагы курулуштардын жер тилкелерине юридикалык иш кагаздарын даярдап, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы ОКС чарбалык ишканасына долбоор даярдоого сунуштулды. 6 ай ичинде тендерге жарыялып аткарылган иш чаралар.
№ П/П
Аталышы
Сумма
Жеңүүчү
Сумма
келишимде түзүлгөн суммасы
Эконом сумма
1
Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө тротуар куруу
5 713 030
"Планета Групп" ЖЧК
5640000
5640000
73 030
2
8-Март Аялдардын эл аралык майрамын өткөрүү
165000
ЖИ "Эсеналиев Эмилбек Алымкулович"
148000
148000
17000
3
Нооруз майрамын өткөрүү
110380
"ДЗМ. КГ" ЖЧК
96900
96900
13480
4
Жер аянттарын баалоо
40000
Асанов Мухтар Исламович
36000
36000
4000
5
Жашылдандыруу
428000
ЖИ Акматов Абдулат
424000
424000
4000
6
Күйүчү май үчүн
200000
"Пртнер Нефть" ЖЧК
189189
189189
10811
7
Баткен шаарынын аймагындагы жолбун иттерди атуу кызматы.
400000
Ходжаев Абдинаби Сатарович
384000
384000
16000
8
Видео көзөмөл камераларын сатып алуу
44000
Дыйканов Абдималик Авазбекович
43200
43200
800
9
Баткен шаарынын мэринин ооз ачары үчүн
210000
"Стандарт Прогресс" ЖЧК
199248
199248
10752
10
2025-жылдагы ишембиликтерге
200000
Абдипаттаев Кайрат Тайирович ЖИ
179970
179970
20030
11
Баткен шаарынын аймгында 9-май Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүү
44958
ЖЧК "СБ Бугу"
39998
39998
4960
12
Светофорлорду тейлөө
350000
"TUMARA" (ТУМАРА) ЖЧК
345700
345700
4300
13
Жол белгилерин сатып алуу жана коюп берүү кызматы
200000
ЖЧК "Техника Безапосности"
195500
195500
4500
14
Баткен шаарынын көчөлөрүнө тунку жарыктандыруу каражаттарын сатып алуу (орнотуусу менен)
282500
ЖИ Акболушев Эрнис Режевалиевич
248000
248000
34500
15
9-май жениш күнүнө карата эстеликти оңдоп түзөө
114853
ЖЧК "ТагИс"
106793
106793
8060
16
Приобретение водопроводных полиэтиленовых труб и материалы для труб с установкой
4530000
Муниципалдык ишкана "Таза суу" при мэрии города Баткен"
4478220
4478220
51780
17
Баткен шаарынын жолдорду оңдоо (Ямочные работы).
500000
"Автомагистраль" ЖЧК
495000
495000
5000
18
Баткен шаарынын ШИИБ кызматкерлерине видеорегистратор сатып алуу
880000
ЖЧК "Кенч экшн"
587000
587000
293000
19
3-бөлмөлүү квартираны Ремонттоо
1067175
"Асман кж" ЖЧК
845942
845942
221233
20
Материалдарды сатып алуу
33430
ЖИ Турсунбай уулу Тынчтыкбек
29800
29800
3630
21
Установка флажков на металлических опорах г Баткен
85027
ЖИ Турсунбай уулу Тынчтыкбек
72000
72000
13027
22
борбордук көчөлөргө гүлдөрдү сатып алуу (кайрадан )
490000
ЖИ Акматов Абдулат
474000
474000
16000
16088353
15258460
829893
Жыйнтыгында 6 айлык аралыгында Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдык иш-чаралардын аткарылышы Кабыл алынган иш-чаралардын жалпы саны - 64 Анын ичинен;
Баткен шаарынын мэриясына-4 иш чара, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш ишканасына-13, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине- 47 иш-чара бекитилген, анын ичинен 33 иш чара аткарылды. 4 иш чара кыскартылууда, 10-иш чара 6 ай арылыгында аткарылат.
Баткен шаарынын негизги көгөйлүү маселелеринен шаардын көчө боюндагы курулуш материалдарын сатуучу жайлар шаардын көркүн бузуп, тазалыгын, жол тыгындарын пайда кылып келген. Ушул маселени чечүү максатында Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынан 4,12 га жер аянты трансформацияланып курулуш материалдарын сатуучу базар уюштурулуп, шаардын көчөлөрүндөгү 32 ишкерлерди жайгаштыруу иштери жүрүүдө.
Б.Ходжаев көчөсүндөгү өз алдынча салынган ажатканалар буздурулуп, ошол айланадагы жашоочуларга жакшы шарт менен 208 000 сомдук, 6 очколуу ажаткана курулуп пайдаланууга берилди. Бул иш чарага Баткен районун Самаркандек айылынын тургуну Жоробай уулу Манасбек 100 000 миң сомдук демерчүүлүк көрсөтүштү
Кол коюучулар: Орозов А Акматов А
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 5 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (5)
- Типовое положение о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на земельные участки, находящиеся в муниципальной собственности (Утверждено…Типовое положение · 23.09.2011 · № 571
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243