Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаны-Жер айылдык кенешинин «“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому.
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 22-июлу №36
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө ПЖ №62, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июнундагы №178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыктарына негизинде, Жаңы-Жер айыл аймагындагы өздөштүрүлбөгөн айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана айыл чарбасынын өндүрүшүнө киргизүү үчүн; тактап айтканда күн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү станциясын курууга сунушталган 752.93 га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына, Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №7 сандуу токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2013-ж ылдын 15-июлундагы №145 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Жаны- Жер айыл кеңеши токтом кылат:
Жаңы-Жер айыл аймагында күн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү станциясын куруу максатында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн (мурдакы “Маргун” айыл-чарба кооперативинин 1993-жылдын март айындагы №5988, шифр №1043) инвентаризациялоо материалына ылайык, №255-контурунда жайгашкан 2,70га жер аянты жайыт жер, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн ( мурдакы “Коминтерин” совхозунун 1993-жылдын март айындагы №5920, шифр №1051 инвентаризациялоо материалына ылайык) суралган жалпы аянты 780,23га жер анын ичинен: №191-контурунда жайгашкан 254,58га жер аянты жайыт жер, 0,20га жер аянты кургак сайлар, 0,40га жер аянты талаа жолдору, 1,0га жер аянты башка жер (прочие), №105-контурунда жайгашкан 485,05 га жер аянты жайыт жер, 7.78 га жер
аянты кургак сайлар, 1,22 га жер аянты талаа жолдору, Жаңы-Жер айыл аймагындагы жалпы 752.93 га жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ №62 сандуу “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык, күн нурунан электр энергиясын өндүрүүчү станциясын курууга сунушталган 752.93га таштуу жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча программасы бекитилсин.
Жаңы-Жер айыл аймагындагы жалпы 752.93 га жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоого) которуу боюнча тийиштүү иш кагаздарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык даярдоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага
К.Мурадилов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.