# Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 20-августундагы №101 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 20-августундагы №101 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 101
- Дата принятия: 20.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031100>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44274/edition/36874/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 20-августундагы №101 "Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031100

---

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIIl чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

2025-жылдын 20-августу № 101 Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-августундагы №382 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр 828-02/2024 сандуу, Бужум айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Бужум айылынын башкы планы бекитилсин.

Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров
