# Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-июлундагы №48 "Айыл өкмөтүнө караштуу Равилка участкасындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-июлундагы №48 "Айыл өкмөтүнө караштуу Равилка участкасындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 48
- Дата принятия: 29.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031075>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44251/edition/36848/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төрт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 29-июлундагы №48 "Айыл өкмөтүнө караштуу Равилка участкасындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031075

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 48 Айыл өкмөтүнө караштуу Равилка участкасындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 82-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын №01-13/3640 сандуу сандуу маалыматына,көрсөтүлгөндөй жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №24 сандуу билдирүүсүнүн угуп, жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIIIсессиясы токтом кылат:

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Развилка участкасынан 200.0га жер анын ичинен: №1108-контурундагы 25,5 га жер аянты жайыт жер, №1109-контурундагы 2,0га жер аянты жайыт жер, №1110-контурундагы 10,21 га жер аянты жайыт жер, №1116-контурундагы 29,4 га жер аянты жайыт жер, №1117-контурундагы 1,7 га жер аянты жайыт жер, №1118-контурундагы 15,74 га жер аянты жайыт жер, №947-контурундагы 2,08 га жер аянты жайыт жер, №948-контурундагы 7,42 га жер аянты жайыт жер, №949-контурундагы 4,30 га жер аянты жайыт жер, №950-контурундагы 1,12 га жер аянты башка жер, №951-контурундагы 6,27 га жер аянты жайыт жер, №952-контурундагы 33,43 га жер аянты жайыт жер, №1122-контурундагы 0,16 га жер аянты жайыт жер, №953-контурундагы 0,63 га жер аянты жайыт жер, №946-контурундагы 60,25 га жер аянты жайыт жер, №957-контурундагы 0,32 га жер аянты жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. Баткен райондук суу чарба башкармалыгына 200 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Развилка участкаынан 200.0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.

Төрага:

Н.Артыков
