# Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майы № 34 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта - туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому

- Полное наименование: Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майы № 34 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта - туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34
- Дата принятия: 20.05.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.05.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230031028>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44215/edition/36778/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.05.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-майы № 34 "Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта - туризм багытында ижарага берүү тууралуу" токтому (ред. от 20.05.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230031028

---

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ 9-чакырылыш

2025-жылдын 20-майы № 34

Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта - туризм багытында ижарага берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максаттар үчүн жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобого”, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы №662 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жана “Чалдовар Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча башкы адиси Данкеева Б.Э. тарабынан Абдыкадыров Калмырза Шерикбековичке 1 (бир) гектар жайыт жерин туризм жана эс алуу максатында — боз үйлөрдү орнотуу үчүн ижарага берүү тууралуу арызы угулуп, талкууланып, Фрунзе айылдык кеңеши сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Абдыкадыров Калмырза Шерикбековичке 1 (бир) гектар жайыт жерин мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максатта - туризм жана эс алуу үчүн боз үй орнотуу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Жердин так чектерин аныктап, тиешелүү документтерди даярдап берүү жана ижара келишимин мыйзам чегинде “Чалдовар – Сервис” муниципалдык ишканасы менен түзүлүшүн камсыз кылуу Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасынын директору М.Тунтеевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Тубекбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Дюшалиев М.К.
