Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мурдаш айылынын №10 Жоогазын-Мурдаш мектепке чейинки билим берүү мекемесине №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектебинин балансасындагы 621,0 чарчы метр жер тилкесин өткөрүп берүү жана балдар бакчасынын эскилиги жеткен төрт бөлмөлүү имаратты бузууга уруксат берүү жөнүндө токтому
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV отуруму
2024-жылдын 28-майы № 25
Мурдаш айылынын №10 Жоогазын-Мурдаш мектепке чейинки билим берүү мекемесине №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектебинин балансасындагы 621,0 чарчы метр жер тилкесин өткөрүп берүү жана балдар бакчасынын эскилиги жеткен төрт бөлмөлүү имаратты бузууга уруксат берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, агрардык айыл-чарба жана өсүмдүк өстүрүү-көрктөндүрүү боюнча башкы адиси Д. Түгөлбаевдин Мурдаш айылынын №10 Жоогазын-Мурдаш мектепке чейинки билим берүү мекемесине А. Жээнбеков атындагы орто мектебинин балансасындагы 621,0 чарчы метр жер тилкесин өткөрүп берүү жана балдар бакчасынын эскилиги жеткен төрт бөлмөлүү имаратты бузууга уруксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектебинин балансасындагы 621,0 чарчы метр жер тилкеси №10 Жоогазын-Мурдаш мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балансасына өткөрүлүп берилсин;
2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-январындагы №1/10 токтому менен балдар бакчасына өткөрүлүп берилген №34 А. Жээнбеков атындагы орто мектебинин 4(төрт) бөлмөлүү имаратынын эскилиги жетип, колдонууга жараксыз абалга келгендиктен аталган имаратты бузуп, жарактуу курулуш материалдарын жаңыдан курула турган имаратка пайдаланууга уруксат берилсин;
3. Аталган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А Тажибаевге милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага
Орозали уулу Таалайбек
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.