# Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18
- Дата принятия: 25.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030971>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44157/edition/36717/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 18 Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө токтому (ред. от 25.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030971

---

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму

2024-жылдын 25-апрели № 18

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 токтому менен бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн акы тартиби жөнундөгү Типтүү жобого ылайык, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин депутаты бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

1. Аймактык-территориалдык реформанын негизинде Ленин жана Бүлөлү аййыл өкмөттөрү бириктирилип Жибек-Жолу айыл өкмөтү түзүлгөндүктөн айыл өкмөттүн жайыт акы планы 443000 (төрт жүз кырк үч миң ) сомго белгиленсин;

2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмү төмөнкүдөй болуп белигиленсин:

- Ири мүйүздүү мал, топоз жана жылкынын 1 башына жылына бир жолу 70 (жетимиш) сом;

- Кой-эчкинин 1 башына жылына бир жолу 20 (жыйырма) сом;

Алыскы жайыттарга сырттан мал алып келген учурларга:

- Ири мүйүздүү мал, топоз жана жылкынын 1 башына жылына бир жолу 500 (беш жүз) сом;

- Кой-эчкинин 1 башына жылына бир жолу 50 (элүү) сом;

3. Жайыт акы төлөмүнүн жылдык планын топтоо жана толтуруу айыл өкмөттүн жайыт маселелери боюнча адиси К. Пазыловго айылдар боюнча жкындан жардам берүү ар бир айыл башчыга милдеттендирилсин;

4. Келишим менен берилген жана өзүм билемдик менен тосуп алган жерлерди тактоо боюнча иш алпаруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин;

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Төрага

Орозали уулу Таалайбек
