# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/11-47
- Дата принятия: 10.09.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030968>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44158/edition/36719/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 1/11-47 "Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө" токтому (ред. от 10.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030968

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 10-сентябры № 1/11-47

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу жөнүндө

“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 ишке ашыруу жана тиешелүү иш аракеттерди көрүү жана Кемин РМА тескемесин аткарууга алуу максатында:

1. Социалдык суроолор боюнча адистерге:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу алкагында, Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу бардык салтанаттуу иш чаралардын аякташын жана ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын ишинин толук токтотулушун саат 22:00дөн кечиктирбестен камсыз кылуу жөнүндө жергиликтүү ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү

орун басары, жооптуу катчы, социалдык комиссия мүчөлөрү, айыл башчылары, имамдар жана участкалык инспекторлор:

- бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирилбестен токтотуу боюнча рейд жүргүзүлсүн;

- тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга, аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнсүн;

- “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана беренелеринин бузуулары катталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чаралар көрүлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жарлыгынын жана «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары элдик жыйындарда, жума намаздарда мечитте, калк арасында жайылтылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сулаймановко тапшырылсын.

Кеңешинин төрагасы

А. Карамырзаев
