Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 Жарлыгы» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIV сессиясынын отуруму
2022-жылдын 12-октябры №14/1 Кыргыз Республикасынын Президентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 5-октябрындагы отурумунун №12 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы 1-тиркемеге, шаардын курултайын чакыруу үчүн делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, шаардык курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге, делегаттарга берилүүчү мандатын үлгүсү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөн шаарында жергиликтүү курултайды өткөрүү күнү 2022-жылдын 5-ноябрына белгиленсин.
3. Өзгөн шаарында жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү иштерине сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
4. Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы Өзгөн шаарында элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү иштерин кароо жөнүндө № 13/1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12- октябрындагы №14/1токтомунун 1- тиркемеси
Өзгөн шаарында жергиликтүү курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы
1. А.Хасанов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасы,
2. Д.Турдахунов - Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
3. М.Маматкасимов – Өзгөн шаар мэриясынын башкы адиси (макулдашуу менен),
Г.Сулайманова–Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу, (макулдашуу менен),
5. М.Киргизбаев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
6. И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
7. У.Шамуратов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
8. Ш.Тапивалдиев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
9. У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен),
10. А.Каримов - №11 Үч-Дөбө МАБ башчысы, (макулдашуу менен),
11. Садыкжан у М. - №10 Төрт-Көчө МАБ башчысы, (макулдашуу менен),
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12- октябрындагы №14/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштардын өткөрүү графиги
№
МАБдын аталышы
Чогулуш өтүүчү күн
Эскертүү
1
Жаныбек Казы
2022-жылдын 15-октябрь күнү Саат 18:00
Октябрдын 70 жылдыгы көчөсү, №17 имарат
2
Пайзабад
2022-жылдын 15-октябрь күнү Саат 15:00
К. Датка а.о.м
3
Калма-Кыя
2022-жылдын 15-октябрь күнү саат 18:00
Калма-Кыя чайканасы
4
Таштак
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 14:00
Таштак чайканасы
5
Мажирим-Тал
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 15:00
А.Темур а.о.м.
6
Гузар
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 14:00
Гузар чайканасы
7
Гузар-1
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 14:00
Гузар -1 чайканасы
8
Жаңы-Турмуш
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 15:00
В.И.Ленин а.о.м.
9
Жаныбек казы
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 18:00
Автобазанын көп кабаттуу үйүнүн жанындагы аянтчада
10
Төрт-Көчө
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 14:00
С.Шарипов а.о.м.
11
Борбор
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00
Мэриянын залы
12
Кайрагач
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 15:00
Кайрагач чайканасы
13
Үч-Дөбө Шарк
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 10:00
Ч.Айтматов а.о.м.
14
Кылыч-Бурхан
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 15:00
З.М.Бабур а.о.м
15
Сараксий
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 18:00
РЭТ Чайханасы
16
Жаңы-Хает
2022-жылдын 20-октябрь күнү саат 16:00
Маала мечити
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12- октябрындагы №14/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын элдик курултайына сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогорку жашоочулардын саны 1500 адамга чейин болсо, 140 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогорку жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 200 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:
А. Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12- октябрындагы №14/1 токтомунун
4-тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси
№
Депутаттардын
Ф.А.Ж.
МАБдын аталышы
Чогулуш өтүүчү күн
Эскертүү
1
Эргешева П.
Жаңы-Өзгөн
2022-жылдын 15-октябрь күнү Саат 18:00
Октябрдын 70 жылдыгы көчөсү, №17 имарат
2
Умаралиев С.
Пайзабад
2022-жылдын 15-октябрь күнү саат 15:00
К. Датка а.о.м
3
Сабиров С. Камбаров С.
Калма-Кыя
2022-жылдын 15-октябрь күнү саат 18:00
Калма-Кыя чайканасы
4
Кадиркулов К. Маматкасимов С.
Таштак
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 14:00
Таштак чайканасы
5
Сотволдиев Р.
Мажирим- Тал
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 15:00
А.Темур а.о.м.
6
Шарипов Б.
Гузар
2022-жылдын 16-октябрь күнү саат 14:00
Гузар чайканасы
7
Салиев С.
Гузар-1
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 14:00
Гузар -1 чайканасы
8
Абдукаримов Б. Салиев Б.
Жаңы- Турмуш
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 15:00
В.И.Ленин а.о.м.
9
Эргешева П.
Жаныбек казы
2022-жылдын 17-октябрь күнү саат 18:00
Автобазанын көп кабаттуу үйүнүн жанындагы аянтчада
10
Абдурахманов Х. Каримова Т.
Төрт-Көчө
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 14:00
С.Шарипов а.о.м.
11
Мавлянов Х.
Борбор
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00
Мэриянын залы
12
Каримов О. Базарбаева А.
Кайрагач
2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 15:00
Кайрагач чайканасы
13
Умаров Э. Маткабылова М. Рахимов Р. Юсупжанов Д.
Үч-Дөбө Шарк
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 10:00
Ч.Айтматов а.о.м.
14
Дехканбаева М.
Кылыч- Бурхан
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 15:00
З.М.Бабур а.о.м
15
Султанов У. Джумаев Х.
Сараксий
2022-жылдын 19-октябрь күнү саат 18:00
РЭТ Чайханасы
16
Ахмеджанова Г.
Жаңы-Хает
2022-жылдын 20-октябрь күнү саат 16:00
Маала мечити
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:
А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12- октябрындагы №14/1 токтомунун
5-тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайынынын делегаттарына берилүүчү мандаттын үлгүсү
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.