# Балыкчы шаардык кенешинин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Балыкчы шаардык кенешинин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 50
- Дата принятия: 20.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.09.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030675>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43947/edition/36355/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.09.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Балыкчы шаардык кенешинин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө токтому (ред. от 08.09.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030675

---

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХII–СЕССИЯСЫ

ТОКТОМ

2025-жылдын 20-август айы №50

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө.

Балыкчы шаарынын мэриясынын 30.06.2025-ж. 01-13/4703 катын карап, талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай, транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 206 токтомунун 1-пунктуна ылайык жана жер пайдалануу тартибин жөнгө салуу максатында: Балыкчы шаарынын аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу иштөөчү комиссиянын иштөө регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

4. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин, массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын.

5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба жана өнөр жай транспорт, ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Н.Турсунбековго тапшырылсын.

Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев

Балыкчы шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХII сессиясынын № 50 токтомунун 1-тиркемеси

Балыкчы шаарынын аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жɵнүндɵ жобонун негизинде ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы

Комиссиянын төрагасы: Байбосунов Сыртбай

шаардык кеӊештин депутаты

Комиссиянын катчысы:

Б.Кадырбаев Балыкчы шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси

Мүчөлөрү:

Н.Турсунбеков Балыкчы шаарынын мэринин

орун басары

Э.Шамбеталиев Балыкчы шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчик башкармалыгынын

башчысы

Ж.Сасыков Кɵк-Мойнок-1 калктуу конушунун

айыл башчысы

М.Мураталиев Кɵк-Мойнок-2 калктуу конушунун

айыл башчысы

З.Ɵмүрканов Ак-Ɵлɵң калктуу конушунун

айыл башчысы

7. А.Касенова Балыкчы шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчик башкармалыгынын

жетектөөчү адиси

Н.Абдылдаева Балыкчы шаардыкКеңешинин

депутаты

К.Мамытбаев Балыкчы шаардык Кеңешинин

депутаты
