Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин «Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижара келишимин кароо жɵнүндɵ» токтому
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 6-октябры № 32
Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижара келишимин кароо жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15,25 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ” Мыйзамынын 31 беренелерине Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жɵнүндɵ” жобонун 6-бɵлүгү “Υчунчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участогун ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү тартиби” жана 4-бɵлүгү “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу” үчүн арналган жер участокторун ижаралоо маселелеринин 55 жана 55-пунктарынын негизинде жана Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын сентябрь айынын 22синдеги №72 токтомунун, “Койсуу Сууэлектростанциялары” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Ирсалиев Нияз Рахатбековичтин ишеним ɵкүлү Ирсалиев Рахатбек Молдобековичтин 2021-жылдын 27-сентябрында жазган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Чон-Сары-Ой айыл аймагынын, Чок-Тал айылынын Чок-Тал суусунун боюнда жайгашкан 4.45 га жер тилкелери (контур №61, 62, 64, 65, 66, 67, 68, 79, 115, 116, 720, 721, 726, 727), Чон-Сары-Ой айылынын Орто-Кой-Суусунун боюнда жайгашкан 3.61 га жер тилкелери (контур №92,97,98,140,481), Ɵрнɵк айылынын Чет-Кой-Суусунун боюнда жайгашкан 2,32 га жер тилкелери (контур №282,283,284,285,286,291), Бает айылынын Чон-Кой-Суусунун боюнда жайгашкан 1,76 га жер тилкелери (контур №423, 580,584, 587,588) “Ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы Чон-Сары-Ой айыл аймагы боюнча жалпы аянты 12,14 га жер тилкесин 49 (кырк тогуз) жыл пайдалануу мɵɵнɵтү менен “Койсуу ГЭС” ЖЧК нун жетекчиси Ирсалиев Нияз Рахатбековичке ижара акысын ишкерлерди колдоо максатында үч жылдык мɵɵнɵткɵ ижара акысы тɵлɵнбɵй женилдетүү менен берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жана ижара келишимин түзүү Чон-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго тапшырылсын.
3. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын жарандарынын нааразычылыгы жаралса түзүлгɵн келишим бир тараптуу айыл ɵкмɵтү тарабынан жокко чыгарылсын.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кеңешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү ɵнɵр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика” жана “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тɵрага
Т.Туйгунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.