# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11-8
- Дата принятия: 19.06.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.06.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030591>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43885/edition/36231/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.06.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 19-июнундагы №11-8 «Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө » токтому (ред. от 19.06.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030591

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын

2025-жылынын 19-июнь № 11-8

«Кызыл-Туу айыл аймагына жаңы мал базар курууга бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө »

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” Жобого ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-июнундагы чыгыш №01-28/1167 сандуу катын негиздеп, айылдык кеңештин экономика, инвестиция, муниципалдык менчик жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы отурумунун №3 протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовдун берген маалыматы эске алынсын.

2.Кызыл-Туу айыл аймагынын МХО участкасына ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бере турган муниципалдык мал базар курууга 94 880 000 (Токсон төрт миллион сегиз жүз сексен миң) сом бюджеттик кредит алууга макулдук берилсин.

3.Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредитти алууну камсыздоого 3-05-07-0033-1286 идентификациялык коду менен катталган мал базар астындагы 16,0 га жер аянты күрөөгө коюга макулдук берилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовго милдеттендирилсин.

5.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жиберилсин.

Төрага

А.Р.Алимов
