Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Арашан айылдык кеңешинин “Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө” токтому
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бириккен Арашан айылдык кеңешинин I-чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-июну № 42
“Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө” Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевдин Арашан айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 “Чүй өнүктүрүү фондунун” эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде, Арашан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Чүй өнүктүрүү фондунун конкурстарына катышуу үчүн долбоорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин:
2. “Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айлында жайгашкан “Ай-Нур Балажан” бала бакчасы үчүн материалдык-техникалык базаны сатып алуу долбоорунун баасы 5739547 (Беш миллион жети жүз отуз тогуз миң беш жүз кырк жети) сом, өздүк салым 1721864,1 сом (Бир миллион жети жүз жыйырма бир миң сегиз жүз алтымыш төрт бүтүн ондон бир) сом.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы Чүй өнүктүрүү фондунун каржылануучу долбоордук табыштамалардын конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн жана аларды 2025-жылга бюджетти түзүүдө эске алсын;
4. Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу “Ай-Нур Балажан” бала бакчасы үчүн материалдык-техникалык базаны сатып алуу долбооруна табыштама бекитилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Н.К. Калыков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.