# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2025-жылынын 7-июлундагы №15 «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү» токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2025-жылынын 7-июлундагы №15 «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 07.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030343>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43714/edition/35923/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2025-жылынын 7-июлундагы №15 «Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү» токтому (ред. от 07.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030343

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын кезекcиз Х сессиясынын

2025-жылынын 7-июлу №15

« Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү»

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3726 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципиалдык мүлктү эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо, акты №1,2- тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик Реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Турдубеков О.Т.
