# Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаарынын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаарынын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/17-17
- Дата принятия: 18.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030286>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43694/edition/35841/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаарынын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө токтому (ред. от 26.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030286

---

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы ТОКТОМ

18.08.2025 ж №31/17-17

Чолпон-Ата шаарынын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 ”Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун негизинде, Чолпон-Ата шаары Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарынын аймагындагы жайыттарга жайыт акыларын бекитип берүү боюнча Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 11-августундагы №01-8/1936 сунуш иш кагазын, шаардык кеңештин «Бюджет жана финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу» жана «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча”туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 11-августундагы биргелешкен отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши, Токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаарынын малчылары тарабынан шаардын жайыттарында жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрү “Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөө тартиби жөнүндө типтүү жобонун” негизинде, №1 тиркемеге ылайык төлөнсүн.

2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы “Гүлбакча” жашылдандыруу муниципалдык ишканасына кошумча 2(эки) штаттык бирдик жайыт комитетинин милдеттерин аткаруу менен жайыт пайдалануу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн убагында толук чогултуу милдеттендирилсин.

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага Э.Молдобеков
