# Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жɵнүндɵ токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жɵнүндɵ токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/17-15
- Дата принятия: 18.08.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030283>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43693/edition/35839/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кенешинин Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жɵнүндɵ токтому (ред. от 26.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030283

---

Чолпон-Ата шаардык кеңеши

XXXI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы ТОКТОМ

18.08.2025 ж №31/17-15

Чолпон-Ата шаары боюнча таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасын бекитүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 24-июлундагы №01-8/1802 иш кагазынын сунушун «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча” биргелешкен туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 11-августундагы отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

Токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы №28/18-11 Токтому жана 2022-жылдын 22-февралындагы №30/9-15 Токтому жокко чыгарылсын.

2. Чолпон-Ата шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн тарифтери бекитилсин:

-Жеке жана юридикалык жактарга - ишкердик жүргүзүү үчүн арналган имараттардын менчик ээлери, анын ичинде имаратты же анын бир бөлүгүн ижарага бергендер үчүн - ар бир кызматкерге 100 сом (бир эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө;

- Мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги имараттар үчүн - ар бир кызматкерге 100 сом (бир эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө;

- Жеке-менчик турак жай үйлөрдөн: 18 жаштан жогорку жашаган ар бир жеке адамдан (резиденттен) жыл сайын 15 (он беш) сом өлчөмүндө.

3. Төлөмдүн суммаларын төлөө жана тиешелүү эсептөөлөрдү берүү бекитилген формага ылайык төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын, 2025- жылдын 1-сентябрынан баштап жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттар үчүн салым мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан төлөнөт.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо боюнча”туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага Э.Молдобеков\_\_\_\_
