# Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8-6
- Дата принятия: 21.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030216>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43644/edition/35769/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтому (ред. от 22.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030216

---

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин

кезексиз 8- сессиясы

ТОКТОМ

2025 –жылдын “ 21 ”июлу №8-6

“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин жана финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №150 токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнЫсык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө караштуу “Кыргыз Азиздер жана Дүлөйлөр Коомунун” Каракол шаарындагы үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы ЖЧКсынын 2024-жылдын 20-июнундагы №12 кайрылуусун карап, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

“Кыргыз Азиздер жана Дүлөйлөр Коомунун” Каракол шаарындагы үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы ЖЧКсынын 2024-жылдын 20-июнундагы №12 кайрылуусун карап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын карамагындагы мектеп – бала бакчаларга жумшак жана катуу инвентарь алууга:

- “Баластан”бала бакчасына – 455 399(төрт жүз элүү беш миң үч жүз токсон тогуз)сом;

- “Алтынай” бала бакчасына – 33070(отуз үч миң жетимиш)сом;

- “Балалык” бала бакчасына – 112500(жүз он эки миң беш жүз)сом;

- Ж.Шабиров орто мектебине - 113000(жүз он үч миң миң жүз)сом;

Жалпысынан 713 970(жети жүз он үч тогуз жүз жетимиш)сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага А.Ш.Кыштобаев
