# Жаргылчак айылдык кенешинин Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жаргылчак айылдык кенешинин Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 77
- Дата принятия: 21.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030178>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43619/edition/35726/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаргылчак айылдык кенешинин Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 21.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030178

---

Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши

I чакырылышынын 4-сессиясы

ТОКТОМ

2025-жыл. 21-июль № 77 Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 токтому менен бекитилген “Калктын социалдык аялуу катмарындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин жыйынынын 2025-жылдын 25-мартындагы №2 тапшырмасынын 2-пунктунун 2-пункчасына ылайык, Даркан айылындагы “Балалык” үй шартындагы бала бакчанын тарбиялануучуларын ваучердик механизми менен каржылоо максатында Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Даркан айылындагы “Балалык” үй шартындагы бала бакчанын тарбияллануучуларын мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмине ылайык каржылоого макулдук берилсин.

2. “Балалык” үй шартындагы бала бакчанын тарбияллануучуларын ваучердик каржылоо үчүн аныкталган 8 тарбиялануучунун ар бирине 3000 сомдон, бир жылга жалпысына 288 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы Жаргылчак Жергиликтүү кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Г.Алышбаевага тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

Төрага Т.К.Баякунов
