# Жаргылчак айылдык кенешинин Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө токтому

- Полное наименование: Жаргылчак айылдык кенешинин Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 76
- Дата принятия: 21.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.08.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030177>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43618/edition/35724/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.08.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаргылчак айылдык кенешинин Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө токтому (ред. от 21.08.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030177

---

Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши

I чакырылышынын № 4-сессиясы

ТОКТОМ

2025-жыл. 21-июль № 76

Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн акча каражаты жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы № 490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктуу конуштардын пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак жана Жеңиш айылдарынын топографиялык сүрөткө тартуу жана башкы планын түзүү үчүн Жаргылчак айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебине Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келген 6 195 859 сомду максаттуу түрдө пайдалануу максатында, айыл өкмөтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун карап чыгып, Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине, республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн 6 195 859 (алты миллион бир жүз токсон беш миң сегиз жүз элүү тогуз) сом акча каражаты Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак жана Жеңиш айылдарынын калктуу конуштарынын башкы планын бекитүүгө чыгымдалсын.

2. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Алышбаевага акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин пландоо, бюджет, финансы жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге тапшырылсын.

Төрага Т.К.Баякунов
