# КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 18-июну № 26/1 “Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 14-июнундагы отурумунун №2 протоколдук чечими жөнүндө” токтому

- Полное наименование: КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 18-июну № 26/1 “Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 14-июнундагы отурумунун №2 протоколдук чечими жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/1
- Дата принятия: 18.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030135>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43589/edition/35674/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 18-июну № 26/1 “Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 14-июнундагы отурумунун №2 протоколдук чечими жөнүндө” токтому (ред. от 18.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030135

---

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ XХVI СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 18-июну № 26/1

“Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 14-июнундагы отурумунун №2 протоколдук чечими жөнүндө”

Сарай айыл өкмөтү тарабынан “Тураталы” базарынын айланасындагы жерлерди сатуу боюнча кабыл алынган токтомдорун мыйзамга ылайык келтирүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2024-жылдын 14-июнундагы отурумунун №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Сарай эл депутаттарынын айылдык кеңешинин 1995-жылдын 30-январындагы №1/8, 1992-жылдын 21-августундагы №43, 1996-жылдын 18- январындагы №4/2, 2003-жылдын 19-июнундагы №5 токтомдорунун, Сарай айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 16-августундагы №315, 2002-жылдын 27- августундагы №281, 1996-жылдын 4-декабрындагы №48, 2004-жылдын 5- ноябрындагы №221, 2005-жылдын 24-февралындагы №38, 2003-жылдын 24 июлундагы №198, 2003-жылдын 24-июлундагы №197, 2002-жылдын 13- мартындагы №94, 2003-жылдын 17-сентябрындагы №237, 2005-жылдын 18-ноябрындагы №231, 2003-жылдын 17-сентябрындагы №236, 2003-жылдын 11-октябрындагы №262, 2003-жылдын 15-декабрындагы №311, 2005-жылдын 10-мартындагы №46; 2004-жылдын 26-декабрындагы №262, 2003-жылдын 12-августундагы №208, 2003-жылдын 23-декабрындагы №320, 2000-жылдын 20- сентябрындагы №185 токтомдорун жокко чыгаруу боюнча сот органдарына кайрылуу Кара-Суу шаарынын мэриясына сунушталсын.

2.Туратали Базарынын айланасында жайгашкан маркум Б.Дуйшөбаевге тишелүү 1,16 га үлүшү айыл чарба багытында иштетилбей, өз билемдик менен автоунаа токтоочу жайга айландырып, жер кыртышын бузгандыгы үчүн жер тилкесин алып салуу үчүн сот органына доо арыз даярдоо жана кайрылуу Кара-Суу шаарынын мэриясына сунушталсын.

3. Логистикалык борбор курам деген жүйөө менен Илиязова Бактыкан 1 га жер улушун трансформациялап, бирок бүгүнкү күндө жерди багыты боюнча иштетпей автоунаа токтоочу жай катары иштетип жаткандыгына байланыштуу жерин алып салуу үчүн сот органына доо арыз даярдоо жана кайрылуу Кара-Суу шаарынын мэриясына сунушталсын.

4. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 13-декабрындагы №741, 1995-жылдын 28-апрелиндеги №127 жана 2000-жылдын 29-январындагы №41 токтомдорунун мыйзамдуулугун кароо жагы Кара-Суу райондук администрациясына сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

З.К.Эшмаматов
