Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ж. Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Ананьево айылындагы авариялык абалдагы эски больницанын (ЦОВП) эски имаратын бузуп ордуна жаңы имараттарды куруу жөнүндө” токтому
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 5- сессиясы
ТОКТОМ
20.03.2025ж. № 5-11
“Ананьево айылындагы авариялык абалдагы эски больницанын (ЦОВП) эски имаратын бузуп ордуна жаңы имараттарды куруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби” жөнүндөгү Жобонун 12-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексинин 11-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жана Ысык-Көл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 02.01.2020ж. №01-15/04 корутундусунун негизинде Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Ананьево айылындагы авариялык абалдагы эски больницанын(ЦОВП) эски имаратын бузуп ордуна жаңы имараттарды курууга уруксаат берилсин.
2. Жаңы имарат салуу үчүн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан долбоор даярдап берүү жагы суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы жана тиешелүү иш-кагаздарын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
4. Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.