Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ж. Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” токтому
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы
ТОКТОМ
19.02.2025ж. № 4-2 .
“Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 23-апрелиндеги №81 тескемесинин негизинде “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Ж.Абдрахманов айыл аймагында 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык
көрүү жана өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен – 285,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.