Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гүлчө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтүү Жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде, Гүлчө айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын курамын айылдык кеңеш тарабынан бекитүү жана мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндө» токтому.
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтүү Жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде, Гүлчө айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын курамын айылдык кеңеш тарабынан бекитүү жана мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-5-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №206 токтомунун негизинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-У.Ө.Тажибаев - Гүлчө айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
- Ч. Убукеева - Гүлчө айылдык кеңештин катчысы, комиссиянын катчысы
- Абдиаким уулу Дайир - Гүлчө айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- П.Э. Маматов - Гүлчө айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
- Р. Какаров - Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси
- А.Ж.Момунов - Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси
- Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчылары: К.Кадырова,
Курстанбек у Э, О.Сыдыков, Т.Сексенбаев , Беки уулу Жайхан.
2.Айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамы, айрым кызматкерлердин
кызмат орду алмашкан учурда кийинки келген кызматчыга алмашылсын.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Жылуу-Суу, Кара-Булак жана Чакмак айылдарындагы, Будалык айылындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол эле жерлердин ижара акыларынын баштапкы баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- 1,0 га кайракы айдоо жер үчүн – 500,0 (беш жз) сом болуп бекитилсин.
- 1,0 га чөп чабынды жер үчүн – 450,0 (торт жүз элүү)сом болуп бекитилсин.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
А.Б. Самиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Типовое положение об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных угодий (Одобрено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 апреля 2025 года № 206 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по вопросам земельных отношений"Постановление · 17.04.2025 · № 206