Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
С.Юсупова айылдык кеңешинин «Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө» токтому.
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 28-марты № 5-6 Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы №90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20 га жерин көп жылдык мөөнөткө ижарага сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш пикирлери эске алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 токтомун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20га жерин мыйзам чегинде көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Достук айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын тургуну Сатаров Алманбет айыл өкмөтүнүн Ак-Шар участкасындагы № 90 контурундагы ыңгайсыз болгон жайыт жеринен 0,20га жерин мыйзам чегинде көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүдө С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда ижарага берүү жагы тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага:
М.И. Мамитов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.