Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын «Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн, Ак-Муз жана Бирлик айылдарын КРнын Президендинин 2024-жылдын 14- октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу максатында, КРнын 1024-жылдын 22-февралындагы Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө №53 Мыйзамы боюнча иш алыпбаруу жөнүндө.» №4 токтому
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 6-сессиясынын 4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 28-марты №4 Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн , Ак-Муз жана Бирлик айылдарын КРнын Президендинин 2024-жылдын 14- октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу максатында , КРнын 1024-жылдын 22-февралындагы Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө №53 Мыйзамы боюнча иш алыпбаруу жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 6-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Президендинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу максатында , КРнын 1024-жылдын 22-февралындагы Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө №53 Мыйзамы боюнча иш алып барылып мүрзөдөгү эстеликтерди моло же болбосо жыгач менен коюлуп бийиктиги 0,70 метирден ашырылбасын жана Ак-Моюн Ак- Муз айылдарындагы көрүстөндөрдүн айланасы элдин жардамы менен тосулсун .
2. КРнын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы КР нын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча 1 бодо же 2 кой менен мурда бекитилген чечим калтырылсын .
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц адиси Ж. Тилегеновага жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө калтырам.
Төрага:
Б. Султангазы уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.