# Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/12
- Дата принятия: 03.06.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.06.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029530>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43228/edition/34837/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.06.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-июнундагы №5/12 "“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө" Токтому (ред. от 03.06.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029530

---

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 3-июну № 5/12

“Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюу, китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын тиешелүү мекемеге өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы №757 токтомуна ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Орто-Сырт” калктуу конуштагы китепканачынын штаттык бирдигин жоюуга макулдук берилсин.

2. Китепкананын китеп фондун жана материалдык баалуулуктарын Байгөнчөк айылындагы китепканага өткөрүлүп берилсин.

3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага:

Ч.Азимжанов
