# Чолпон-Ата шаардык кенешинин "Чолпон-Ата шаарынын “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон-Ата шаардык кенешинин "Чолпон-Ата шаарынын “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/15-1
- Дата принятия: 08.07.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.07.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029499>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43200/edition/34794/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.07.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон-Ата шаардык кенешинин "Чолпон-Ата шаарынын “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.07.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029499

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

ТОКТОМ

08.07.2025-ж №31/15-1

Чолпон-Ата шаарынын “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2020-2030 жылдарга карата жаштар саясаты Концепциясына ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэринин у.м.а К.М.Сопиевдин 2025-жылдын 27-июнундагы №01-8/1387 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

Токтом кылат:

1. Чолпон-Ата шаарынын аймагында “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосу бекитилсин.(тиркелет)

2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.

-Жаштардын катышуусунда МЖБнун жетекчисин анын комитетинин курамын жана резервин түзүү эрежесин, МЖБ алдындагы ыктыярчылардын/волонтерлордун ишмердү

үлүгүн уюштуруу регламентин иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага Э. Молдобеков

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXI чакырылыштагы

кезексиз \_\_\_ сессиясынын 2025-жылдын \_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

№\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_токтому менен бекитилди.

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ

2025-жыл

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы муниципалдык жаштар борбору (кийинки аталышы ЖБ) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын, КР «Коммерциялык эмес уюмдары жөнүндө” мыйзамынын, жана КР башка ченемдик-укуктук актыларынын негизинде түзүлдү.

1.2. ЖБ өзүнүн ишмердүүлүктөрүн өз калоосу, мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, мыйзамдуулук, ачык айкындуулук, өзүн-өзү каржылоо, өзүн-өзү башкаруу принциптеринде ишке ашырат.

1.3. Толук аталышы «Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык жаштар борбору»:

- кыргыз тилинде: «Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык жаштар борбору»;

- расмий тилинде: «Муниципальный молодежный центр города Чолпон-Ата»;

- англис тилинде: «Municipal Youth Center in Cholpon-Ata city»

1.4. Кыскартылган аты: кыргыз тилинде: «МЖБ», расмий тилинде: «МЦ», жана англис тилинде «YC».

1.5. МЖБнун уюмдаштыруучусу болуп Чолпон-Ата шаар мэриясы эсептелинет.

1.6. ЖБнун юридикалык дареги: Индекс: 722100, Кыргыз Республикасы, Ыссык-Көл облусу, Ыссык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет №75 б көчөсү.

1.5. ЖБнын мөөнөтү: 4 жыл.

2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Муниципалдык жаштар борбору- жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү жаштардын социалдык активдүү өнүгүүсү үчүн кызмат көрсөтүү, жаштардын демилгелерин колдоо, өспүрүмдөрдү жана жаштарды жергиликтүү жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашырууга тартуу үчүн түзүлгөн юридикалык катталган же катталган эмес муниципалдык коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Мамлекеттик жаштар саясаты - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу, жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө, мамлекеттин кызыкчылыгында анын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын тутуму. Жаштар (жаш жарандар) - 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар. МЖБнун негиздөөчүсү – Чолпон-Ата шаардык кеӊеши жана Чолпон-Ата шаардык мэриясы МЖБнын комитети – бул муниципалдык жаштар борборунун аткаруучу органы. МЖБнун ыктыярчылардын чогулушу – борбордун иш-аракеттеринин маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн сунуштарды же чечимдерди кабыл алуу менен МЖБнын ыктыярчыларынын жана жергиликтүү жаштардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуу формасы. МЖБнун ыктыярчысы – муниципалитеттин аймагында туруктуу жашаган же иштеген жана анын ишине түздөн-түз катышуу үчүн МЖБго ыктыярдуу кирген Кыргыз Республикасынын жараны. Ыктыярчылык - бул жеке же юридикалык жактар ​​тарабынан коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, коомдук негизде ар кандай формада акчалай сыйлыксыз коомдук пайдалуу эмгек, алардын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүмдөргө ээ болуп, өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышат. МЖБдун кардары – борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечүүгө кайрылган ар кандай адам. Ошондой эле, бул мекеменин кызматынан пайдаланган адам (бенефициар, МЖБнун кызматтарынын кардары). Жаштар менен иштөө - бул жаштар саясатын жүзөгө ашырууну, жаштарда баалуулук багыттарын калыптандырууну жана жалпы адамзаттык ченемдерди бекемдөөнү камсыз кылган жаштарга багытталган пландалган практикалык иш-чаралардын жыйындысы.

Жергиликтүү кеңеш - жергиликтүү калк тарабынан түздөн-түз шайланган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттык түрдө чечүүгө ыйгарым укуктуу депутаттардан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы.

Муниципалдык менчик – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше булагы болуп кызмат кылган жана калктын социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандырган шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган, пайдаланылган жана жергиликтүү жамаатка тийиштүү болгон мүлк. Жергиликтүү калк - шаардын аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү, аткаруу бийлиги жана башка органдар аркылуу жергиликтүү өз маселелерин чечүүдө жалпы кызыкчылыктар менен бириккен калк.

Жергиликтүү маселелер - жергиликтүү бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан чечилүүчү, ошондой эле жарандардын эркин түздөн-түз билдирүү менен тиешелүү аймактын калкынын турмуштук активдүүлүгүн камсыз кылган маселелер.

II. ЮРИДИКАЛЫК СТАТУСУ

2.1. Өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча МЖБ коммерциялык эмес уюм - мекеме болуп саналат. Ал Чолпон-Ата шаарынын мэрясы, шаардык кеңеш тарабынан жана жаш активисттердин макулдашуусунда жергиликтүү жаштар менен ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, өзүн-өзү башкаруу, теңдик, маалымдуулук жана ачыктык принциптеринин негизинде пландуу иш жүргүзүү максатында түзүлгөн.

2.2. МЖБ өзүнүн статусун жергиликтүү кеңештин сессиясында МЖБун түзүү сунушуна макулдук берилип жана Жобосу шаардык кеңешинде депутаттар тарабынан бекитилгенден кийин, эсепке алып каттоо жүргүзүлгөн учурдан баштап алат. Ошондой эле МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жак статусуна ээ болот. МЖБ юридикалык тарап формасында укуктуу:

а) өзүнүн герб түшүрүлгөн мөөрүнө, штампына, эмблемасына, логотибине ээ болот жана чектелген тартипте каттоодон өтүшү керек;

б) өз алдынча балансына, эсептешүү жана башка каржылык эсеп-кысаптарына ээ болот, анын ичинде чет элдик валюталык, банктык жана башка кредиттик мекемелерде;

в) мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер жүктөлөт, сотто күнөө коюуучу жана жооп берүүчү тарап болот.

2.3. МЖБдун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, колдонуудагы улуттук мыйзамдар, мамлекеттик жаштар саясатын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, жергиликтүү жамааттын Уставы жана ушул Жобо түзөт.

2.4. МЖБдун иш-аракеттерин каржылоо- Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, ошондой эле ыктыярдуу төгүмдөрдүн, кайрымдуулук каражаттарынын, донордук жана демөөрчүлүк колдоонун жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 2.5. МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, МЖБнун максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбесе, алынган пайданы МЖБнун уюштуруучусу, мүчөлөрү, кызмат адамдары, башкаруу органдары, башка кызматкерлер жана мүчөлөрдүн ортосунда бөлүштүрбөй туруп, экономикалык ишкердүүлүк жүргүзүүгө укуктуу. ЖБнун экономикалык ишкердүүлүгүнүн натыйжасында алынган кирешеси жаштар борборун түзүү жана өнүктүрүү максаттарына каржылоого багытталат.2.6. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, көрсөтүлгөн кызматтардын тизмесин, ошондой эле МЖБнун акы төлөнүүчү жана акысыз кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жумуштарынын наркын аныктоонун тартиби Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан белгиленет.

2.7. МЖБнун муниципалдык менчиги ыкчам башкаруу укугу менен камсыз кылынат, ага карата МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктөө, пайдалануу жана тескөө укуктарын жүзөгө ашырат.

2.8. МЖБ өз милдеттери боюнча акча фондусуна жооп берет, эгер каражат жетишсиз болсо, субсидиалык жоопкерчиликти жергиликтүү бюджеттин каражаттары менен мүлктүн менчик ээси - уюштуруучу көтөрөт.

2.9. МЖБ бөлүмдөрдү (секторлор, командалар, секциялар, жумушчу топтор ж.б.) иштин маанилүү багыттары боюнча түзсө болот.

2.10.Ыктыярчылар жана уюштуруучулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде, МЖБнун комитетинин финансылык-чарбалык ишин текшерүү үчүн, анын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн Байкоочу Кеңеш түзүлүшү мүмкүн.

2.11. МЖБ эл аралык ассоциацияларга, уюмдарга кирүүгө, эл аралык мамилелерди жүргүзүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тийиштүү келишимдерди түзүүгө укуктуу.

2.12. МЖБ саясий партиялардын жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүн түзүүгө, катышууга же ар кандай формада жардам берүүгө укугу жок. Саясий партиялардын, диний жана аскерлештирилген бирикмелердин структуралары МЖБнун түзүмдөрүндө түзүлүшү мүмкүн эмес.

III. МЖБнун НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

3. ЖБнун негизги максаттары

1. Жергиликтүү жаштардын маданий, социалдык-экономикалык жана муктаждыктарын канааттандыруу боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле жаштардын өз дараметтерин ишке ашыруу.

2. Жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жаштар саясатын жана жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууга өспүрүмдөрдүн жана жаштардын катышуусун камсыз кылуу, аларды чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартуу.

3. Жаштардын демилгелерин колдоо жана жаштардын адеп-ахлактык, интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык потенциалдарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

4. Жаштар борборун жаштардын чыгармачылык борборуна, көп функциялуу жумуш ордуна, коомдук мейкиндике, билим берүү катары иш алып барган аянтчага жана эс алуу борборуна айландыруу.

4. МЖБнун милдеттери

Белгиленген максаттарга жетүү үчүн МЖБ бир катар милдеттерди аткарат:

4.1. Жергиликтүү жаштардын катышуусу менен жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө системалуу мониторинг жүргүзүү, жаштар чөйрөсүндөгү процесстерге талдоо жүргүзүү, мамлекеттик жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашыруу көйгөйлөрүн талкуулоо жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору жөнүндө сунуштарды берүү.

4.2. Жаштардын жана балдардын коомдук демилгелерин чогултуу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу; социалдык-маданий, ишкердик жана укуктук чөйрөлөрдө консультациялык кызматтарды көрсөтүү; сергек жашоо образын жайылтуу; жергиликтүү жаштардын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын кесипкөй жана чыгармачыл өнүгүүсүнө көмөктөшүү; таланттуу жаштарды колдоо; социалдык кызматтарды жана жергиликтүү коомдук бирикмелерди тартуу менен уюшулбаган жаштар менен иштөө.

4.3.Жеке жаштарды өркүндөтүү, кошумча билим алуу, кесиптик багыт берүү, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын чыгармачыл жөндөмдөрүн өркүндөтүү көндүмдөрүнө ээ болууга, ошондой эле укуктук маданиятты калыптандырууга багытталган жергиликтүү жаштар үчүн окутуу кызматтарын көрсөтүү.

4.4.Жергиликтүү жаштар ассоциацияларын, демилгелүү топторду, жаштардын уюмдарынын ар кандай формаларын жана мектептин өзүн-өзү башкаруусун колдоо, ошондой эле адамдардын эс алуусу жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү үчүн маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук, илимий-изилдөө, консультациялык жана усулдук иштерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

5. Иш-чаралар

МЖБна жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн борбор төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

5.1.Жалпы билим берүүнүн, кесиптик жана кошумча билим берүүнүн сапаты, жумуш менен камсыз кылуу, турак жай, турмуштук оор кырдаалда турган өспүрүмдөргө, жаштарга жана жаш үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү маселелерин чечүүгө, бош убактысын жана эс алуусун уюштурууга багытталган улуттук, аймактык жана муниципалдык өнүгүү программаларын ишке ашырууга катышат, баңгиликтин алдын алуу жана жаштар арасындагы укук бузуулар, балдарды кароосуз калтыруу жана өспүрүмдөрдү жана тобокелге салынган жаштарды реабилитациялоону ишке ашырат.

5.2. Коомдук мааниси бар жумуштарды акысыз жүргүзүү, өспүрүмдөрдүн аярлуу катмарына, жаштарга кызмат көрсөтүү максатында жаштардын өнүгүүсүн жана маданий эс алуусун уюштуруу, ыктыярдуу кыймылын өнүктүрүү боюнча балдар, активист жаштар жана жергиликтүү коомдук бирикмелер жана жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенет \[1\]. 5.3. МЖБ мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууда жана башка жергиликтүү маанидеги жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдар, республикалык, облустук жаштар уюмдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташат.5.4. Жаштардын баалуулуктарын жана адеп-ахлактык көрсөтмөлөрүн калыптандырууга, жарандыкка, маданий мурастарга, каада-салтка, тарыхка, сергек жашоо образына сый мамиле кылууга, инсандын билим жана кесиптик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган консультациялык жана окутуу кызматтарын көрсөтөт.5.5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмдин, терроризмдин жана өспүрүмдөрдүн жана жаштардын башка коомдук көрүнүштөрүнүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, жергиликтүү жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш алып барат.5.6. Жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашырууга байланыштуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт, усулдук документтерди жана сунуштамаларды, маалыматтык материалдарды иштеп чыгат.5.7. Ушул жободо каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн кошумча финансылык жана материалдык ресурстардын булактарын тартат.5.8. Жаштар саясаты чойросундогу мамлекеттик жана муниципалдык программаларды ишке ашырат.5.9. Инновациялык социалдык долбоорлорду ишке ашырууда жаштардын жана балдардын коомдук уюмдарына, клубдарына колдоо көрсөтөт.5.10. Калк арасында жакырчылыктын жана жумушсуздуктун өсүшүнүн шартында жаш жарандардын өз алдынча иш менен камсыз болушунун өсүшүн стимулдаштырат.5.11. Жаңы баштаган ишкерлерге акысыз же жарым-жартылай акы төлөнүүчү негизде маркетингдик, консалтингдик, юридикалык, маалыматтык-коммуникациялык технология, жарнактык жана башка кызматтарды көрсөтот.5.12. Социалдык жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн орун, өндүрүштүк-техникалык база, эгерде бар болсо (анын ичинде чакан бөлмө, техника, жабдуулар ж.б.) менен камсыз кылат.5.13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

IV. МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР БОРБОРУН БАШКАРУУ

6. МЖБнун башкаруу органы

6.1. ЖБнун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: Чолпон-Ата шаардык мэриясы жана МЖБнун башчысы. МЖБнун аткаруучу органы - МЖБнын комитети.

6.2. Жергиликтүү жамааттын жаштары менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги эң маанилүү маселелер боюнча жамааттык чечимдерди кабыл алуу, муниципалитеттин аймагында уюмдаштыруучу, МЖБнун комитети тарабынан, ошондой эле ЖБнун 1/3 бөлүгүнүн сунушу боюнча ыктыярчылар, МЖБнун ыктыярчылар жалпы чогулушу зарылдыгына жараша жылына эки жолудан кем эмес чакырылат. Жаш жарандар МЖБнун ыктыярчыларынын жалпы чогулушуна катыша алышат: жашоочулар, ушул аймактан келгендер жана ушул муниципалитетте иштегендер консультативдик добуш укугу менен катыша алат\[2\]. МЖБнун ыктыярчыларынын жалпы чогулушунун чечимдери сунуш берүүчү мүнөзгө ээ жана шаар мэри, жергиликтүү кеңеш тарабынан каралып бекитилет.

6.3. МЖБнун башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби жана алардын иши ушул Жобо менен аныкталат.

7. МЖБнун уюмдаштыруучусу:

7.1. МЖБна жалпы башкарууну уюмдаштыруучу – Чолпон-Ата шаарынын мэри жүзөгө ашырат.

7.2. МЖБнун уюмдаштыруучусу төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

­ МЖБнун жылдык иш планын, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет, шаардык кеӊешке маалымат берет; ­ МЖБнун бюджетин, эмгек акы фондусун кошкондо шаардык кеӊеши менен бекитилет. ­ МЖБнун бюджети борбордун карамагында турган каражаттардын жана пландаштырылган кирешелердин негизинде иштелип чыгат; ­ МЖБнун атына имаратты, муниципалдык менчикти акысыз пайдаланууга жана ыкчам башкарууга өткөрүп берет; ­ МЖБнун мүлкүнүн сакталышын көзөмөлдөйт; ­ ЖБнун башчысынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, кызматтан бошотуунун жана учурдагы кызмат ордуна кабыл алуунун негиздерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт; ­ МЖБнун комитетинин отурумдарына, ыктыярчыларынын жалпы чогулуштарына кеңеш берүүчү добуш менен катышат; ­ МЖБнун комитетинен борбордун иши, анын ичинде каржы маселелери боюнча маалымат сурайт; ­ жергиликтүү кеңештин сессиясына МЖБнун ишине байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды киргизет; ­ жергиликтүү кеңештин алдында МЖБнун жоюу жана кайра түзүү жөнүндө маселени чыгарат.

8. МЖБнун башчысы

8.1. МЖБнун иши үчүн жооптуу жогорку кызмат адамы болуп, борбордун директору эсептелет. Ал төрт жылга МЖБнун комитети тарабынан үчтөн кем эмес талапкердин ичинен тандоонун жыйынтыгы боюнча мэри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

8.2. МЖБнун башчысы 18 жаштан 35 жашка чейинки - соттолбогон, туруктуу жашаган же муниципалитеттин аймагында иштеген адам болушу мүмкүн. Бир эле адам МЖБнун башчысынын кызмат ордуна эки мөөнөткө катары менен дайындалууга укугу жок.

8.3. МЖБнун башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат, өз ишин шаардын мэри жана шаардык кеӊеш тарабынан бекитилген Жобого ылайык иштелип чыккан эмгек келишиминин шарттары жана кызматтык нускамалары боюнча жүргүзөт. МЖБнун башчысы өзүнүн иш-аракетинде башка мамлекеттик органдардан, алардын аймактык бөлүмдөрүнөн көз карандысыз.

8.4. МЖБнун башчысы МЖБнун ишин муниципалитеттин башка кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү структуралык бөлүмдөрү жана мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте МЖБнун иш планынын негизинде уюштурат.

8.5. МЖБнун башчысы:

­ МЖБнун ишин башкарат, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат жана МЖБна жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. ­ МЖБнун атынан ишеним катсыз иш алып барат, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, маассалык маалымат каражаттар менен МЖБнун компетенциясына кирген маселелер боюнча анын атынан чыгат; ­ МЖБнун эмгек графигин жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгып, шаар мэрине сунуш берет; ­ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МЖБнун кызматкерлерин келишимдик негизде кызматка дайындайт жана бошотот; ­ ушул Жобого ылайык кызматкерлердин функционалдык милдеттерин жана МЖБнун кызматкерлеринин ички эмгек графигинин эрежелерин жана кызматтык нускамаларын бекитет, аткаруучулук, эмгек тартибин сактоо боюнча чараларды көрөт; ­ ички административдик документтерди жарыялайт, МЖБнун кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; ­ каржылык, статистикалык жана башка отчетторду даярдайт, аларды өз убагында жана бекитилген форма боюнча тиешелүү органдарга берет, анын тууралыгы үчүн жооп берет; ­ шаардык кеӊешке кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчет-маалымат берет. ­ ушул Жободон келип чыккан жана колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка функцияларды аткарат.

9. МЖБнун комитети.

9.1. МЖБнун комитети - 4 жылга шайланган 5тен 9 кишиге чейинки турган МЖБнун аткаруучу органы. МЖБнун комитетинин биринчи курамы жана анын резерви уюмдаштыруучу тарабынан уюштурулган конкурстук негизде шайланат. Ал эми МЖБнун комитетинин кийинки курамы жана резерви ыктыярчылардын чогулушунда ачык же жашыруун добуш берүү менен шайланат\[3\].

9.2. МЖБнун комитети:

­ уюмдаштыруучунун чечимдеринин, МЖБнун комитетинин отурумдарынын, ыктыярчылардын жалпы чогулушунун жана МЖБнун директорунун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат; ­ МЖБнун жылдык бюджеттеринин долбоорлорун, ири иш-чаралардын пландарын, программаларын жана МЖБнун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгат; ­ МЖБнун комитетинин отурумдарында жана МЖБнун ыктыярчылар жалпы чогулушунда кароо үчүн материалдарды даярдайт; ­ ушул Жободон келип чыккан башка иш-аракеттер менен алектенет.

9.3. Жетиштүү каржылоо менен, Комитеттин алдында штаттык таблицага ылайык келишимдик негизде жалданган кызматкерлерден турган аткаруучу орган түзүлөт. Кызматкерлерди МЖБнун башчысы дайындайт.

9.4. МЖБнун комитетинин түзүмүнө кирет:

- МЖБнун башчысы – борбордун жетекчиси;

- М ЖБнун комитетинини катчысы;

- комитеттин бөлүмдөрү (секторлор, командалар, секциялар жана жумушчу топтор ж.б.).

9.5. МЖБнун комитетинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышышат.

9.6. МЖБнун комитетинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- МЖБнун комитетинин отурумдарында талкуулоо үчүн сунуштарды киргизүүгө;

-МЖБнун комитетинин жумушчу топторун, бөлүмчөлөрүн шайлайт жана шайланат; -МЖБнун комитетинин иши жөнүндө ар кандай маалыматты алууга; -МЖБнун белгилерин жана атрибуттарын МЖБнун комитетинин ишине байланыштуу максаттарда колдонуу; -жаштар саясаты иш-чараларына катышуу, ага жаңы катышуучуларды тартуу максатында МЖБнун идеяларын жайылтуу; -жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматтык, усулдук жана башка колдоолорду алууга, айрыкча МЖБнун Комитетинин көпчүлүк мүчөлөрү менен келишпестик болгондо өз пикирлерин иштеп чыгуу, жазуу жүзүндөгү жеке арызы боюнча МЖБнун Комитетинен чыгуу.

9.7. МЖБнун комитетинин мүчөсү, эгерде төмөнкү себептер болсо, МЖБнун комитетинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн:

1) МЖБнун комитетинин отурумдарына төрт же андан көп жолу жүйөлүү себептерсиз катышпоо;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурлар.

9.8. МЖБнункомитетинин сунушу боюнча шаардын мэри, МЖБнун мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө МЖБнун отурумунун протоколунун көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен МЖБнун комитети чечим кабыл алат: МЖБнун комитети (кошумча талапкерлер болсо); же эгерде бул МЖБнун Комитетинде талапкерлердин запасы жок болсо, анда ушул Жободо белгиленген тартипте МЖБнун Комитетине жаңы мүчөнү жана ушул МЖБнун Комитетине талапкерлердин резервин шайлоо үчүн конкурс жарыялайт.

10.Муниципалдык Жаштар Борборунун жергиликтүү бийлик менен өз ара аракети

10. МЖБнун Өнөктөштүгү

10.1. МЖБдун өз ишинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдардын административдик жана аймактык бөлүмдөрү менен ушул Жобо менен белгиленген максаттарга жетүү үчүн мыйзамдуулук, кийлигишпөө жана чыгармачыл кызматташуу принциптери боюнча өз ара аракеттенет.

10.2. МЖБдун аткаруу бийлик органдары жана алардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү:

- ушул Жободо белгиленген МЖБнун милдеттеринин алкагында иш-чараларды биргелешип пландаштыруу;

- МЖБнун мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү отурумдардын, конференциялардын, отурумдардын ишине катышуу;

- мамлекеттик органдарга, алардын аймактык бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү;

- өспүрүмдөрдү жана жаштарды социалдык-укуктук коргоого, алардын коомдун социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, маданий турмушуна интеграцияланышына кызыкдар болгон билим берүү мекемелеринин, ишканалардын жана мекемелердин тиешелүү түзүмдөрү менен чыгармачыл, эмгек мамилелерин түзүү;

- мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик (муниципалдык) социалдык тапшырманы аткаруу;

- жаштарга багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу;

- жана башкалар.

11.Муниципалдык жаштар борборунун

каржы-экономикалык иш аракеттери

11. МЖБнунмүлкү

11.1. МЖБнун мүлкү негизги каражаттардан жана айлануудагы каражаттардан, ошондой эле муниципалитеттин көз карандысыз балансында чагылдырылган башка нерселерден турат.

11.2. МЖБнун мүлкү төмөнкү булактардан түзүлөт:

2. ыкчам башкарууга берилген жана/же анын негиздөөчүсү тарабынан МЖБго бекитилген мүлк;

3. донорлордун, демөөрчүлөрдүн каражаттары, МЖБнун ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн каралган жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары;

4. бюджеттен тышкаркы каражаттар;

5. МЖБдун ишкердик ишинен түшкөн киреше;

6. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар тарабынан МЖБдун жеке программаларын жана долбоорлорун каржылоого бөлүнгөн каражаттар;

7. каржылоонун башка мыйзамдуу булактары.

11.3. Муниципалдык жаштар борбору, өз ишин камсыз кылуу максатында, ушул Жобого ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык объектилерди (имараттарды, курулмаларды, жайларды, шаймандарды, жерди), ошондой эле башка керектөө, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл мүлктү оперативдүү башкаруу укугуна ээ болушат.

11.4. Мүлктү ыкчам башкаруу укугун жүзөгө ашырууда МЖБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мүлктү натыйжалуу пайдалануу;

- уюмдаштуруучунун дайындоосуна жана милдеттерине ылайык мүлктүн сакталышын жана пайдаланылышын максаттуу негизде иштетүүнү камсыз кылууга;

- уюмдаштыруучунун макулдугу менен гана ыкчам башкаруу укугунда бекитилген мүлктү ээликтен ажыратууга же башка жол менен башкарууга;

- мүлктүн техникалык абалынын начарлашына жол бербөө;

- муниципалдык менчиктин өндүрүштүк өркүндөтүлүшү компенсацияга жатпаган учурда, мүлктү учурдагы жана капиталдык оңдоодон өткөрүү.

11.5. Ыкчам башкаруу укугунун негизинде МЖБго бекитилген мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү бийлик органдары жүзөгө ашырат.

11.6. МЖБ мүлк объекттерин ижарага алууга жана ижарага берүүгө укуктуу.

11.7. МЖБ өзүнө бекитилген мүлктү жана ага жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен алынган мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка жол менен башкарууга укугу жок.

11.8. Калган өз ишинин жүрүшүндө өндүрүлгөн жана сатылып алынган мүлккө МЖБ ээлик кылат, пайдаланат жана башкарат.

12. МЖБнун ишмердүүлүгүн каржылоо

12.1. МЖБнун ишин каржылоо жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле донорлордон, демөөрчүлөрдөн жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.

12.2. МЖБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, уюмдаштыруучу менен макулдашылган чечим кабыл алууда финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка ээ.

12.3. Тиешелүү органдар тарабынан дайындалган же анын менчиги болуп саналган борбордун финансылык жана материалдык ресурстары, ушул Жобого ылайык, өз каалоосу боюнча МЖБу тарабынан колдонулат жана эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, алып коюуга жатпайт.

12.4. Шаар мэриясы, шаардык кеңештин макулдугу менен, бир катар маселелерди/жергиликтүү маанидеги муниципалдык кызматтарды аткаруу үчүн муниципалдык жаштар борборуна акча каражаттарын же каржылоо булактарын өткөрүп берүү укугуна ээ\[4\].

12.5. Зарыл болгон учурда, уюштуруучунун жергиликтүү бюджетинин эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:

1) жергиликтүү жаштардын ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга (олимпиадаларга, конкурстарга, конференцияларга, семинарларга ж.б.) катышуусуна чыгымдар;

2) жаштарды окутуу, тематикалык консультациялар, маданий иш-чаралар, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө катышкан адистердин эмгек акысынын чыгымдары;

3) маалыматтык буклеттерди, бюллетендерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу, веб-сайттарды, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолорду түзүү жана колдоо.

13. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР

13. МЖБнун Жобосун кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби

13.1. МЖБнун Жобосунун долбоору жана ага толуктоолор шаар мэринин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат жана шаардык кеӊеши тарабынан бекитилет.

13.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет: мэр, жергиликтүү кеңештин депутаттары, МЖБ ыктыярчылары, мэриясынын, жергиликтүү коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү.

13.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан МЖБдун жобосунун долбоору шаардык чогулуштарга, бир көчөнүн, кварталдын, кичи райондун же аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун аймагында, билим берүү мекемелеринде жашаган жергиликтүү жаштар менен жолугушууларга жана чогулушууларга, айылдык талкууга, ал жергиликтүү жамааттын Уставында белгиленген тартипте шаар мэриясы тарабынан уюштурулат.

13.4. Чолпон-Ата шаардык мэриясы Жобонун долбоору иштелип чыккандан кийин, шаардык кеӊеш тарабынан бекитилет.

13.5. Кабыл алынган МЖБнун Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардын мэри, ыктыярчылардын жана МЖБдун Комитетинин жалпы санынан кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча демилгеленип, шаардык кеӊешке бекитүүгө берилет.

14. МЖБун кайра уюштуруу жана жоюу

14.1. МЖБункайра түзүү же жоюу маселеси жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө жергиликтүү жамааттын катышуусу менен коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

14.2. МЖБун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

14.3. МЖБдун документтери, ал жоюлган учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталууга тийиш.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Арнабек улуу Азамат

\[1\] Ыктыярчылык - жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ар кандай формада ыктыярдуу негизде акчалай сый акы алынбастан берилүүчү коомдук пайдалуу эмгек, анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүмдөргө ээ болуп, өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышат. 1-берене. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы N 256 Мыйзамы

\[2\] Кеңеш берүүчү добуш - шайлануучу органдардын ишине кеңеш берүү функциялары менен гана катышуу укугу (талкууга катышуу), бирок кандайдыр бир маселелер боюнча добуш берүү укугу жок.

\[3\] №1 тиркемени караңыз "Муниципалдык жаштар борборунун комитетин түзүү тартиби"

\[4\] 19 берене, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамы, 15 июль 2011 года N 101
