# Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 28.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029456>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43185/edition/34732/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылынын 23-марты №2 «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому (ред. от 28.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029456

---

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын кезекcиз VII сессиясынын

2025-жылынын 28-марты №2

«Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө»

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Раевдин 05.03.2025-жылкы чыгыш 01-28/516 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБО бекитилсин.

Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясынын юристи А.Болотбековго жүктөлсүн.

Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.

Төрага

К.К.Анарбеков
