Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Базар-Коргон шаардык кеңешинин «Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» токтому
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын кезекcиз VII сессиясынын
2025-жылынын 28-марты №2
«Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Раевдин 05.03.2025-жылкы чыгыш 01-28/516 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “ Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомунун 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде Базар-Коргон шаарынын мэриясында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү типтүү ЖОБО бекитилсин.
Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэриясынын юристи А.Болотбековго жүктөлсүн.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага
К.К.Анарбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.