# Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №3/5 "Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын Боз-Дөң участкасынан бейитке бөлүнгөн мамлекеттин менчигиндеги жер аянтынын багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №3/5 "Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын Боз-Дөң участкасынан бейитке бөлүнгөн мамлекеттин менчигиндеги жер аянтынын багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/5
- Дата принятия: 28.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029348>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43131/edition/34587/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №3/5 "Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын Боз-Дөң участкасынан бейитке бөлүнгөн мамлекеттин менчигиндеги жер аянтынын багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому. (ред. от 28.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029348

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясынын жыйыны 2025-жылдын 28-марты № 3/5 Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылынын Боз-Дөң участкасынан бейитке бөлүнгөн мамлекеттин менчигиндеги жер аянтынын багытын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

2. Зарылчылыкка байланыштуу Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Ылай-Талаа айылындагы № 71 контурда жайгашкан Боз-Дөң участкасынан 3,0 (үч) га мамлекеттин менчигиндеги жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.

3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

Төрага:

А. Мойдунов
