# Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №2/2 "АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №2/2 "АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/2
- Дата принятия: 25.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029232>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43049/edition/34415/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №2/2 "АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө" токтому. (ред. от 25.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029232

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны 2025-жылдын 25-февралы № 2/2 АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагында “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жободогу талаптардын негизинде аукцион өткөрүү үчүн аукциондук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл аймагындагы АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында Жобонун талаптарына ылайык аукцион аркылуу ижарага берүү жагы аукциондук комиссияга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

Төрага:

А. Мойдунов
