Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин «АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтому.
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны 2025-жылдын 25-февралы № 2/2 АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жободогу талаптардын негизинде аукцион өткөрүү үчүн аукциондук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында Жобонун талаптарына ылайык аукцион аркылуу ижарага берүү жагы аукциондук комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага:
А. Мойдунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.