# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-июну № 2/15 Трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-июну № 2/15 Трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/15
- Дата принятия: 07.06.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.06.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029064>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42954/edition/34212/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.06.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-июну № 2/15 Трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 07.06.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029064

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

2024-жылдын 7-июну № 2/15

Трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Эски-Покровка айылына жаңы мектеп куруу үчүн берилген жерди өзгөртүү (башка жактан берүү) жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренсине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 мыйзамынын 15-беренесинин 8,4 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 1-беренесине таянып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Эски-Покровка айылындагы айыл чарба жерлеринин мамлекетик фондунун сугат айдоо эсебиндеги № 400-контурдагы 1,60 га жер аянтын мектеп куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековко милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

Төрага

М. А. Камалов
