# Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30/2
- Дата принятия: 26.03.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029055>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42948/edition/34203/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 26.03.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029055

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы

2024-жылдын 26-марты № 30/2

Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №01-9/296 катына ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23 га жери менен шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине алынган мүлк боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго жана МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Хасанов
