Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы
2024-жылдын 26-марты № 30/2
Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №01-9/296 катына ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23 га жери менен шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине алынган мүлк боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго жана МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Хасанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.