Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Өзгөн шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-февралындагы №10 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы
2024-жылдын 12-марты № 29/1
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-февралындагы №10 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 19-февралындагы №10 токтомунун жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-февралындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 19-февралындагы №10 токтомунун негизинде НУР саясий партиясынан Хайдаралиев Бахтиёр Абдивахидовичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №28/3 токтомунун тиркемесинин 2-пунктундагы “Джумаев Хуршид Абдухалилович” деген сөз “Хайдаралиев Бахтиёр Абдивахидович” деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Хасанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 19 февраля 2024 года № 10 "Об утверждении решений Нарынской городской, Жумгалской, Кочкорской…Постановление · 19.02.2024 · № 10
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №28/3 "Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү…Постановление · 01.02.2024 · № 28/3