# Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 5/13 “Мады айыл аймагынын Учкун айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 5/13 “Мады айыл аймагынын Учкун айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/13
- Дата принятия: 11.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028852>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42843/edition/33968/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мады айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 5/13 “Мады айыл аймагынын Учкун айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” токтому (ред. от 11.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028852

---

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V кезектеги сессиясы

2025-жылдын 11-апрели № 5/13

“Мады айыл аймагынын Учкун айылынын аймагынын коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Мады айыл аймагынын Учкун айылынын коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарынын, кылмыштуулуктун, мал уурулуктун жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын 2025-жылдын 8-апрель №33-20-13/3005 сандуу катынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузууларды алдын алуу жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин, жана коомдук таяныч пуктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин билдирүүсүн жана Жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Мады айыл аймагынын Учкун айылынын аймагынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында коомдук таяныч пуктун курууга 0,03 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Алимбековго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.С.Темирбаев
