# Торт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-июнундагы №30 "Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Торт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-июнундагы №30 "Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 30
- Дата принятия: 04.06.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.06.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028761>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42756/edition/33877/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.06.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Торт-Гүл айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-июнундагы №30 "Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.06.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028761

---

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезексиз VII- сессиясы

2025-жылы 4-июну № 30

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-мартындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР лицензиясынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштенрин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-декабрындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР Лицензиясына ылайык 20,13га жер аянты убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документтин (келишим) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр ” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынан суралсын. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирилисин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.

Айылдык Кеңешинин торагасы:

А.Суранчиев
