Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Торт-Гүл айылдык кенешинин «Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (чакырылышынын) кезексиз VII- сессиясы
2025-жылы 4-июну № 30
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “КЫРГЫЗГЕОЛОГИЯ” мамлекеттик ишканасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер участогун убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер участогун берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 60,61 беренелеринин, Жер Казынасы жөнүндө мыйзамынын 40 бересенинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү маселелери жөнүндө” токтомунун 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-мартындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР лицензиясынын негизинде Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан геологиялык чалгындоо жүргүзүү жөнүндөгү. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына “Алтын-Жылга” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштенрин жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин 1-декабрындагы 2023-жылы №1 Лицензиялык макулдашуусу жана №7436 АР Лицензиясына ылайык 20,13га жер аянты убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин. Убактылуу пайдаланууга берилген жер участогуна түзүлгөн укук аныктоочу документтин (келишим) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр ” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынан суралсын. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына берилген жер аянтында Кыргыз Республикасынын экологиялык, жер, суу мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен геологиялык чалгындоо иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жагы милдеттендирилисин. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык Кеңешинин торагасы:
А.Суранчиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства от 15 декабря 2017 года № 810 "О вопросах предоставления земельных участков под недропользование"Постановление · 15.12.2017 · № 810