Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
“Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кызматтардын акысын бекитүү жөнүндө Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин токтому
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ
10.06.2025-ж. №64
“Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кызматтардын акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, муниципалдык ишкананын сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кызматтардын акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
№
Кызматтардын аталышы
Өлчөмү
Кызмат акысы
1
Таштанды жайына өз күчү менен таштандыларды чыгаруунун акылары (ишкананын уруксаты менен)
1.1.
Женил унаа менен таштандыны алып барып төгүү
Бир рейс
200 сом
1.2.
Орточо жүк ташуучу унаалар менен таштандыны алып барып төгүү (Газ 53, портер, спринтер, лабо ж.б.
Бир рейс
500 сом
1.3.
Чоң унаалар менен таштандыны алып барып төгүү (Хово, Камаз ж.б)
Бир рейс
1000 сом
2
Башка кызматтарды көрсөтүүнүн акылары
2.1
Курулуш материалдарын чыгаруу (кум, таш, топурак, цемент, шифер, шлак, күл, кык ж.б.)
1 куб
500 сом
2.2.
Чериген картошканы чыгаруу
бир мешок
30 сом
2.3.
Отундун, көмүрдүн, тезектин күлүн чыгаруу
бир мешок
60 сом
2.4.
Катуу тиричилик таштандыларын көп көлөмдө
1 куб
500 сом
2.5
Эксковатор менен жер казуу, жабуу (траншея)
бир метр
200 сом
2.6
Эксковатор менен жер түздөө (планировка, кык чачуу, түрттүрүү ж.б)
бир саат
2000 сом
2.7
Трактор погрузчик менен чон унааларга (ЗИЛ, Хово) кум, топурак, кык ж.б. жүктөө
Бир рейс (Ак-Суу айылына)
ЗИЛ-1000 сом
Хово - 2000 сом
2.8.
Трактор погрузчик менен чон унааларга (ЗИЛ, Хово) кум, топурак, кык ж.б. жүктөө
Бир рейс (Кереге Таш, Сары Камыш, Кайырма Арык,Ново Константиновка Пионер айылдарына)
ЗИЛ-1000 сом +ГСМ (100 км-20 литр)
Хово - 2000 сом (100 км-20 литр)
2.9
Хово автоунаасы менен жүк ташуу
Бир рейс (Ак-Суу айылы)
7000 сом
2.10
Хово автоунаасы менен жүк ташуу
Бир рейс (Кереге Таш, Сары Камыш, Кайырма Арык,Ново Константиновка Пионер айылдарына)
7000 сом +ГСМ (100 км-20 литр)
2.11
Хово автоунасы менен кум ташып келүү
Бир рейс
7000 сом
2.12
Хово автоунасы менен топурак ташып келүү
Бир рейс
7000 сом
2.13.
Грейдер менен жерди түздөө, жол сүрүү (муниципалдык заказ менен)
бир саат
4800 сом
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик реестерге киргизүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С. Акунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.