# Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №26 “Турак имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №26 “Турак имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 25.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028631>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42645/edition/33746/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 25-февралындагы №26 “Турак имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 25.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028631

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2025-жылдын 25-февралы № 26 “Турак имараттары жана жайлары үчүн салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө”.

КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 14-февралындагы чыгыш №24-2-12/1959 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын 2025-жылдын

12-февралындагы №37 “КР Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.

2.” КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө ” КР Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна ылайык 2025-2027-жылдарга салык мезгилдери жана Салык кодексинин

379-беренесине ылайык турак имараттары жана жайлары үчүн салык 1 (бир) чарчы метрине 10 (он) сом өлчөмүндө мүлк салыгы бекитилсин.

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.

Төрага

А.Саматов
