# Постановление Ошского городского кенеша от 20 июня 2025 года № 51 О даче согласия на передачу в залог муниципальных объектов города Ош

- Полное наименование: Постановление Ошского городского кенеша от 20 июня 2025 года № 51 О даче согласия на передачу в залог муниципальных объектов города Ош
- Вид акта: Постановление
- Номер: 51
- Дата принятия: 20.06.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.06.2025
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/230028529>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42564/edition/33649/ru>
- Текст на другом языке (Markdown): <https://aqlex.ai/kg/doc/230028529.md>

> Текст приведён по редакции от 25.06.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Постановление Ошского городского кенеша от 20 июня 2025 года № 51 О даче согласия на передачу в залог муниципальных объектов города Ош (ред. от 25.06.2025) - https://aqlex.ai/doc/230028529

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН X СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)

2025-жылдын 20-июну № 51 Ош шаарынын муниципалдык объекттерин күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө” мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-июнундагы №25/2131 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №17 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарына республикалык бюджеттен 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө алынуучу бюджеттик кредитти күрөө менен камсыздоо үчүн Ош шаарынын муниципалдык объекттерин тиркемеге ылайык күрөөгө коюуга макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.

Төрага

Б.Т. Баетов

Ош шаардык Кеңешинин 2025жылдын 20-июнундагы №51 токтомуна тиркеме

Күрөөгө коюуга сунуштала турган Ош шаарынын муниципалдык менчик объекттери

№

Идентификация-лык коду

Мамлекеттик актынын номери / сериясы

Аталышы

Дареги

Жер тилкенин аянты (м²)

Жанаша жайгашкан жерлердин базардагы баасы, сом

Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталганы

Негизи Ош шаарынын мэриясынын токтому:

1.

5-11-03-0113-0138

Серия Б №012422

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ

Кол өнөрчүлөр көчөсү

5 235,00

353 230 000,00

№2010-14716

26.06-2010

№418 03.06.2010

2.

5-11-06-0149-0009

Серия Б №010081

Ош шаарынын муниципалдык автранспорт ишканасы

С.Касымбеков көчөсү №21

20 982,00

553 885 000,00

№2009-33730 29.11.2009

№1179 25.09.2009

3.

5-11-01-0001-0027

Серия Б №008372

"Ошшаарсууканал" МИ

Иминов көчөсү

95 000,00

1 334 762 000,00

№2008-40798 29.10.2008

№990 13.05.2008

4.

5-11-06-0149-0193

Серия Б №058274

"Ош автобекети" МИ

В.Ленин көчөсү №942

33 100,00

1 083 629 000,00

№511-2023-48410

№431 22.08.2023

Жалпысы:

154 317,00

3 325 506 000,00

Эскертүү: мүлктүн базардагы баалар “Земельные реформы Юг” ЖЧКсы баалоо консультациялык агентствосу тарабынан аныкталган.

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Э.Абдыраимов
