Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ош шаардык кеңешинин Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана Ош шаардык муниципалдык автоунаа муниципалдык ишканасы тарабынан акы алып көрсөтүлүүчү кызматтардын нарктарын белгилөө жөнүндө токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VIII СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 04-июну № 38 Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана Ош шаардык муниципалдык автоунаа муниципалдык ишканасы тарабынан акы алып көрсөтүлүүчү кызматтардын нарктарын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы Э.Кармышаковдун Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана Ош шаардык муниципалдык автоунаа муницпалдык ишканасы тарабынан акы алып көрсөтүлүүчү кызматтардын нарктарын белгилөө боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2025-жылдын 21-майындагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-кичи автобустарда – 20 (жыйырма) сом; -автобус, троллейбустарда накталай түрүндө 17 (он жети) сом жана электрондук, мобильдик тиркемелер аркылуу 15 (он беш) сом; -мектеп окуучуларына муниципалдык коомдук транспорттордо (автобус, троллейбус) 7 (жети) сом, кичи автобустарда 10 (он) сом.
2.Шаардык муниципалдык коомдук транспорттордо (автобустарда, троллейбустарда) төмөндөгү категориядагы жүргүнчүлөр тиешелүү кызматтар тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде акысыз ташылсын:
-жашы боюнча пенсионерлер; -ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар - I, II топтогу майыптар; -Ош шаарынын Ардактуу атуулдары; -Ош шаарынын мэриясынын муницпалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарынын аксакалдар соттору; -Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери; -“Ош шейиттери” коомунун мүчөлөрү; -“Ош шамы” гезитинин журналисттери; -Ош шаардык үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшү эмканасынын медициналык кызматкерлери;
- жазык аткаруу кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери.
3.Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тарабынан акы алып көрсөтүлүүчү кызматтар төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- троллейбустук мамычаларына техникалык шарттарды даярдоонун бир жылдык баасы (даанасына) – 1974 (бир миң тогуз жүз жетимиш төрт) сом;
-автобус жана троллейбустардын ичиндеги жарнама үчүн ижара акысы (А4 кагаз форматында), бир сантиметр квадрат үчүн – 35 (отуз беш) тыйын; -автобус жана троллейбустардын сырткы жарнактары үчүн ижара акысы бир метр квадрат үчүн – 148 (бир жүз кырк сегиз) сом.
4.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 14-майындагы №172 жана 2021-жылдын 25-ноябрындагы №19 токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин.
5.Ош шаарынын мэриясы (Ж.Токторбаев) Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү концепциясын 3 (үч) айлык мөөнөттө иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
6.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын.
7.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияна (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага
Б.Т. Баетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.