# Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-майы № 44 Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-майы № 44 Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 44
- Дата принятия: 21.05.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.05.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028319>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42432/edition/33418/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.05.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-майы № 44 Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 21.05.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028319

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 21-майы № 44

Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.

Төрага

К. С. Мусаев
